Menu

Кыргызстан менен Өзбекстан бирдиктүү виза киргизүү маселесин талкуулоодо

Бөлүшүү:

Ош шаарында Кыргызстандын Жогорку Кеӊеши менен Өзбекстандын Олий Мажлисинин ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын II жыйыны өтүүдө. Иш-чарада Борбор Азия өлкөлөрү ортосунда бирдиктүү виза киргизүү маселеси каралууда.

Өзбекстан менен Казакстан Евробиримдиктин Шенген визасы сыяктуу “Silk Visa” же “Жибек жолу визасын” быйыл февралда ишке киргизмек. Эки мамлекеттин башка өлкөлөргө карата визалык эрежелери түрдүү болгонуна байланыштуу планды жүзөгө ашыруу кечеңдеген.

Өзбекстандын мамлекеттик туризм комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Улугбек Касимходжаев тараптар “Жибек жолу визасын” ишке киргизүү үчүн жигердүү иштеп жатканын билдирген. “Убакыттын создугуп жатышынын негизги себеби – эки өлкөнүн визасыз режим боюнча жол-жоболору ар башка. Казакстанда визасыз режимге кирген өлкөлөрдүн өзүнчө, бизде өзүнчө тизмеси бар. Башкы максат бул өлкөлөрдүн эки тарапка тең ынгайлуу тизмесин түзүү керек”, – деген ал.

Буга чейин “Silk Visa” долбооруна Борбор Азиядагы дагы эки мамлекет – Тажикстан менен Кыргызстан келечекте кошулууга ниеттенип турганы кабарланган. Азербайжан менен Түркияны да жаңы программага тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: