Өкмөткө караштуу финчалгындоо мамлекеттик кызматынын жетекчиси Гуламжан Анарбаев өз ишин жөндөй албай калганы бир нече ирет тастыкталса дагы кылы кыйшайбай жатканы көпчүлүкту таң калтырууда. Неге калкалап жатат? Мисалы, былтыр коммерциялык банктарга бардык кардарларынын маалыматтарын берүү катын жөнөтүп катуу шерменде болгон. Ал жоругу үчүн шумпай өкмөт башчыдан сөгүш алып, банктардан кечирим сурап кутулган. Анысы ал, ал эми мыйзамсыз кирип жаткан күйүүчү майларга чара колдонбогонун жаап-жашырууга болбой калды. Гуламжан «ака» алаканын майлатып коюп чардай береби? Эгер бизди калп десе Премьер-министрдин өзүнөн сурасын, мыйзамсыз бензин ташыган адамдарды сүрөтүнө чейин көрсөтүп отурат. Кыскасы, Анараевди кетирбесе “бовой” калды.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ