Бүгүн, 2-декабрда, Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде жылаңач кыздардын коомчулуктун алдына чыкканына каршы акция болот. Ал акция Маданият жана туризм министрлигинин алдында өтөт. Бул тууралуу активист жаран Мелис Аспеков билдирди.
Анын айтымында, Г.Айтиев атындагы сүрөт музейде элдин алдына жылаңач кыздардын чыгуусу коомчулукка жат көрүнүш. Кыргызстанды мазактоо болуп эсептелет. “Маданият министри ушундай жат көрүнүштү карабай, каякты карап жүрөт? Ушундайга жол бергени үчүн ал кызматынан кетиши керек! Мындайды биз азыр токтотпосок, эртең алар элдин алдында ачык эле жыныстык катнашка бара баштайт. Келгиле, мындай ыплас, жат көрүнүштү биз азыр токтотолу! Кайдыгер караба, кыргыз элим!”,- дейт М.Аспеков.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ