Menu

ШКУ саммитине 11 өлкөнүн башчысы келет

Бөлүшүү:

Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммитине катышуу үчүн Бишкекке 11 өлкөнүн башчысы келет. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

«Саммитке Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистандын башчылары келет деп пландап жатабыз. Мындан тышкары, байкоочу мамлекеттерден Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголиянын президенттери», — келет деди ал.

Жыйындын соңунда 20га жакын биргелешкен документке кол коюлат.

Саммит 14-июнда өтөт, 13-июнда кечинде коноктор үчүн гала-концерт жана көркөм өнөр көргөзмөсү уюштурулат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: