Азыркы учурда Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылында абал туруктуу. Өткөн күнү коомдук тартипти бузган окуялар катталган жок. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Орок айылында милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери, Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук районунун ИИБнүн кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн иш-алып барышууда.
Ал эми ИИМдин калган түзүмдөрү менен кызматтары өз ордуларында кызматын өтөөдө. Ички иштер органдарынын күчү менен жана ыкчам көрүлгөн чаралардын натыйжасында аймакта абал турукташтырылып, коомдук тартип камсыздалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ