Menu

Мирзиёевдин уулу, күйөө балдары жана небереси Дубай эмиринин уулдарынын үйлөнүү үлпөтүнө катышты

Бөлүшүү:

Өзбекстан президентинин 10 жаштагы уулу Алишер Мирзиёев, эки күйөө баласы – Ойбек Турсунов менен Отабек Умаров жана небереси Миромон Бириккен Араб Эмиратынын вице-президенти жана премьер-министри, Дубайдын эмири Мухаммед бин Рашид аль-Мактум шейхтин уулдарынын үйлөнүү үлпөтүнө катышышты.

Той 6-июнда өткөн.

Шавкат Мирзиёевдин кенже күйөө баласы Отабек Умаров үйлөнүү үлпөттөгү сүрөттөрүн «Инстаграмдагы» баракчасына жарыялаган.

Өзбекстан лидеринин тун күйөө баласы Ойбек Турсунов президент администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, Отабек Умаров – президенттин коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары.

Шавкат Мирзиёевдин үй-бүлө мүчөлөрү Дубай эмиринин уулдарынын үйлөнүү үлпөтүнө өзбек өкмөтүнүн атынан же жеке чакыруу менен барганы белгисиз.

Дубай эмири Орозо Айт майрамында дароо үч уулун үйлөнткөн.

Өзбекстандын башкаруучу элитасы мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунан бери эле Дубай эмири менен тыгыз байланышта болуп келген.

Дубайдын кыймылсыз мүлктөрдү каттоо тизмесиндеги маалыматтарга караганда, Өзбекстандын мурдагы жана азыркы жетекчилеринин ал жакта турак-жайлары, компаниялары жана банктарда эсептери бар.

Маркум Ислам Каримовдун бийлиги тушунда оор экономикалык кылмыштарга айыпталган ири ишкерлер дагы Дубайдан башпаанек алышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: