Menu

Алмазбек Атамбаевдин митингдеги сүйлөгөн сөзүнө кандай комментарий бере аласыз?

Бөлүшүү:

Бийликке таарынглн КСАІІнын «уйуру» 8-июнда коррупцияга каршы митинг өткөрүп, ага мурунку президентАлмазбек Атамбаев катышты. Экс-президент бул сапар дагы уйрөнгөн адаты менен кызыл тилин кайрап, жыртылып бүткөн оозунан ак ит киргизип, кара итти чыгарды. Өзүнүн айдагы менен баспай жалпы элди тандаган Президентти колунан келишинче каралап, «Райымбек Матраимовду коргоп жатат» деп көө жаап, «шайлоодогу миллиондорду кайдан алган» деп тазалыгына шек жаратып, «колхоз башкарууда» деп шылдыңдап, мусулман эмес мунафык деп келекеледи. Эми башкасын айтпаган күндө да, диний ишенимди саясатташтыруу пастыкка жатат. Себеби, ким мусулман ким кафир экенин пенде эмес, бир гана Кудай аныктайт. Албетте, экс-ажону Батукаевдин иши кыжалат кылып, санаага салып жатканы бу сапар ачык билинди. Тузакка түшөр күнү жакын калганын сезип, чебелектей баштаганы так байкалды. Аны Салянованы жанталашып коргогонунан көрсөк болот. Ал аракети сокурга дагы дайын, каршы көрсөтмө бербесе дегени да. Болбосо Салянованын күйөөсү менен агасына жалган жалаа менен иш козготуп, качырган АША өзү эмес беле? Иниси да АШАнын учурунда киши колдуу болду. Кыскасы, бул киши чындап элеп сихикалык жактан соо эмес экен. Дарыланыш керектигине биз да ынандык. Анда башкалардын да пикирин угуп көрүңүз, «Алмазбек Атамбаевдин митингдеги сүйлөгөн сөзүнө кандай комментарий бере аласыз?» деген собол менен кайрылдык.

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: «Атамбаев саясатчыларды экиге бөлүп карап жатканы анык байкалып турду»

—Экс-президент А. Атамбаев 8-июнда форумдун алдындагы митингде сүйлөгөн сөзүндө ал адатынча эле тээ асманда, кайсы бир бийиктикте жүргөнсүп турмуштун чыныгы реалдуулугун али да көрбөй, билбей, баамдай албай жүргөндөй түр калтырды. Бул киши али да болсо өзүн Кыргызстандагы чындыктын булагы катары эсептеп, жашоодон алыс экен. Мисалы, Атамбаев саясатчыларды экиге бөлүп карап жатканы анык байкалып турду. Алардын бири Атамбаевдин тегереги жана аны менен азыр да кызматташып жаткандар жана бийликчилдер. Атамбаевдин тегерегинде тургандардын баары ак, И.Илмиянов, С.Исаков, К.Кулматов, А.Ибраимов, Д.Мусакеев баштагандар таптаза кадрлар, ал эми бийлик бутактарында жүргөндөр, парламентте отургандар коррупционерлер, кошоматчылар, чимкириктер, мокочолор ж.б.у.с. Ошондуктан Атамбаев: «мына бул жерде 10дой депутат бар, алардан башкасынын баары «чимкириктер» деп, бул жолу да парламент депутаттарын «чимкирикке» салыштырып кемсинтти. «Бийлик коррупция менен күрөштү тандалма жүргүзүп, буларды мыйзамсыз камакка алды» деп Атамбаевдин жаны кейип жаткандай болду. Бирок, өз учурунда ошол эле И.Илмиянов «серый кардинал» болуп, эч кимди көзүнө илбей, саясатты, кадрларды каалагандай калчап жатканда, ММКларда толгон токой сын-пикирлер жарык көрүп жатканда Атамбаев алардын баарын «ушак» деп, «кармагыла, айткыла» деп кагынып-силкинчү эмес беле. Учурунда алырды коргоп, бийликтин күчү менен калкалабай, дароо чара көрүп, аларды туура жолго салса бүгүнкү кейипти кийбейт эле да. Албетте, Атамбаевдин бул жолку сүйлөгөн сөзү баштан аягына чейин бийликти, С.Жээнбековду жамандап, ага атайылап тийишип, саясий шоу жасаганга аракеттенип жатканы байкалды. Себеби, А.Батукаевдин мыйзамсыз эркиндикке чыккандыгы боюнча кылмыш иши жандангандан бери ошол кездеги вице-премьер Ш.Атаханов, экс-генпрокурор А.Салянова ж.б. камалып, кезек Атамбаевге да жакын келип калганы белгилүү. Ошондуктан, ал не бар не жок деген таризде өзүнүн камалышына азыртадан саясий негиз берүүгө далаалат кылгандай сезилди. Баса, коррупцияга каршы күрөш тандалма жол менен жүрүп жатат деген сөздү сиңиргенге аракеттенди, эгер андай болсо Атамбаевдин каршылашы А.Салянова камалбай калбайт эле да.

Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: «Кыскасы, экс-президент айткандан кийин туралбайм, сот алдында акча алганымды далилдеп берсин…»

—Атамбаев мурдагы мамлекет башчысы катары жогорку деңгээлде, адамдардын аброюна шек келтирбей сүйлөшү милдет болчу. Кантсе да мамлекет башкарган адам да, тарбиялык мааниде жакшы кеңештерин айтып, жол көрсөтсө түзүк болмок. Тилекке каршы, Президенттен баштап укук коргоочуларга чейин асылып, анын ичинде мага да тийишип, ар-намысыма, кадыр-баркыма шек келтирди. Өтө пастыкка барды. Мен акылына келээр дедим, күттүм, болбоду, арга кеткенде сотко кайрылайын деп чечтим, азыр Жогорку Сотто жүрөм, жол-жобосун сурап жатам. Себеби, Батукаевден акча алган деп ачык каралады. Жалгыз мен эмес, мамлекет башчысын да акча алган деп көө жаап жатат. Кримтөбөлдү чыгарганга азыркы Президенттин кандай тиешеси бар? Ага Атамбаев экөөбүздүн тиешебиз болушу мүмкүн, Президентти жабыштыруу жалаа да. Амбициясын тыялбай көрүнгөнгө асыла береби? Көчөдөгү аялдардан дагы жаман деңгээлге түшүп калды. Буга караганда Мотуев көп жагынан тартиптүү, парасаты өйдө экен. Кыскасы, экс-президент айткандан кийин туралбайм, сот алдында акча алганымды далилдеп берсин. Мен журналисттер жаңылып калган экен деп эки жума мурун «Апрель» телеканалын да сотко бергем, көрсө, Атамбаев заказ берип жатыптыр, билдим, эми жөн жатпайм. Алты жыл мурун Т.Акун Батукаевден акча алган деп депутаттарга чейин айтыптыр, күбө боло турган бар.

Азыр А.Салянованы жактап кылтыңдап жатат. Эки жүздүү болбош керек да. Аны депутаттыктан ажыратып, каматкан Атамбаев өзү болгон. Убагында кимдерди гана каматкан жок. Текебаев баштаган саясатчыларды жөн жерден кестирбеди беле. Азыр эмне куугунтук бар? Азыркыдагыдай демократия жок. Атамбаевдин учурунда президентти ушинтип сындаган киши болсо жалган жалаа менен каматмак, жалган үндөрдү жаздырып. Гезиттерди соттоп, айыппулга жыкпадыбы. Азыр каалагынын сындап жатат, бирөөнү каматтыбы? Бирдемени сүйлөрдөн мурун ойлонбойбу?

Орозбек Молдалиев, коомдук ишмер: «Атамбаев сын таккандай өзү адилет башкардыбы?»

—Илдет улам өөрчүп жүрүп отургандай, Атамбаевдин лексикону да кичинеден күчөп-күчөп отуруп ушуга жетти. Оппозицияда жүргөн кезинде анча-мынча айтып койчу, эл көп көңүл бурчу эмес. Мисалы, «Каттанини» башка сөз менен айтканы эмне деген маданиятсыздык, Москвадан окуган кишинин айтар сөзүбү? Албетте, ал кезде президент боло элек болчу, кийин 6 жыл эл башкарды. Анан да 60тан ашып пайгамбар жашына келген киши салабаттуу орду менен сүйлөш керек да. Ушунча элди чогултуп алып, «колхоз башкарып калды», «кокон хандыгы башкарып жатат» деген далили жок сөздөрдү келтиргендин өзү туурабы? Сүйлөсө эле эл ишене бербейт, Кокон хандыгы дегенде тескерисинче өзүнө сөз тийип калат. Себеби, Кокон хандыгына өзүнүн тиешеси көбүрөөк. Тегин Кыяз (Молдокасымов) оңдоп-түздөп койгону менен элдин арасында айтылган сөз жокко чыккан жок. Ооба, «Кокон хандыгы» деген «намек» башка багытта айтылды, ары жагын түшүндүк, бул элди бө-үп-жаруу менен барабар. Тарых чындыгында биз Кокон хандыгында болгонбуз, бизге бөлөк-бөтөн нерсе эмес. Хандарды кыргыздар кызматка койгон.

Эми айталычы, Атамбаев сын таккандай өзү адилет башкардыбы? Журналисттер ооз ачалбай калбады беле? Миллиондогон айыптарды салып сөз эркиндигин муунтуп салганын танабы? Сөздү тыйган кыргыздын тарыхында болгон эмес, «Баш кесмек бар, тил кесмек жок» деп келген. Жүйөлүү сөзгө жыгылган. Кудайга шүгүр, азыр сөз эркиндиги жакшы болуп жатпайбы. Сындар айтылып жатат. Мына Алина Шаикова деген кыз УКМКнын жоругун коркпой чыгып айтып салды, жетекчиси кызматтан кетти. Бул ээн-эркин пикирди билдиргенге мүмкүнчүлүк берилгендигинин чоң көрсөткүчү. Айтор, митингге даярданып келип сүйлөгөн сөзү ушул болсо, анда Туйгуналы досунун айтканы чындыкка жакындап, психикалык ден соолугуна шек жаратат. Көп пландары ишке ашпай калганы нервдик клеткаларга оор келген окшойт. Эми биз ушундан сабак алып, Батыштын практикасы менен мамлекеттеги жооптуу кызматка бараткан адамдарды медициналык кароодон өткөрүү практикасын киргизишибиз керек экен.

Дастан Сарыгулов, экс-мамкатчы: «Бул адамдын оозунан жакшы сөз чыкпайт»

—Мен анын сөзүн таптакыр укпайм. Ал ойду-тоону, чын-калпты сүйлөй берет. Жоопкерчилигин сезбейт. Мисалы, «Нарындыктар малсыңар», «Таластыктар эл эмес» деген сөздү акылы бар адам сүйлөйбү? Кантип угасың! Бул адамдын оозунан жакшы сөз чыкпайт, ошон үчүн көңүл бурбайм, укпайм дагы.

Клара Сооронкулова, юрист: «Атамбаевдин оозун жаап, ордуна коюш керек»

—Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековдун беделине шек келтирген сөздөрдү айтты. Буга тийиштүү орган чара көрүшү керек. Бирок аны орчундуу маселе катары кароонун кажети жок, көбүрөөк укук коргоо органдары иликтеши зарыл. Атамбаев өз убагында саясатчыларды, журналисттерди кандай гана куугунтуктаган. Мамлекет экс-президентке кадыр-барк менен мамиле кылат Атамбаевди күзөтүнөн тарта, тамак-ашына чейин мамлекет багып жатса, ал башкача мамиле кылууда. Атамбаев сынга алса да, конструктивдүү сын айтышы зарыл, бирок президенттин беделине шек келтирбеши керек. Мындан улам экс-президентти ордуна коюп, оозун жабыш керек. Ал эми жалпы коомчулук Атамбаевдин интервьюларына кайдыгер мамиле кылып коюшу керек. Эл көңүл бурган сайын Атамбаев күчөй берет.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: