Кечээ, 10-июнда, Женева шаарында, Эл аралык Эмгек уюмунун 108-мааракелик жыйыны башталды. Бул тууралу Кыргыз Республикасынын Женевадагы Туруктуу Өкүлчүлүгү билдирет.
21-июнга чейин улана турган ири иш – чарага, Кыргыз Республикасынан келген делегация катышып жатат.
Эл аралык Эмгек уюмунун эрежесине ылайык, делегациянын курамында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Улуттук Иш берүүчулөр конфедерациясынын жана Профсоюздар Федерациясынын өкүлдөрү бар.
Бул маанилуу иш-чарага дүйнөнүн 187 өлкөсүнөн, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардан 5,000 жакын делегаттар катышууда.
Жумуш орундарына жайгаштыруу жана эмгектин татыктуу келечеги боюнча Глобалдык комиссиянын доклады, жыйындын негизги темасын түзөт.
Юбилейдик Конференциянын жыйынтыгында “Эл аралык Эмгек уюмунун 100 жылдык Декларациясы” наамындагы маанилүү документ кабыл алынат. Бул документ Уюмдун бир кылымдан берки алгылыктуу аракеттери жана майнаптуу иштеринин жыйынтыгына баа берүү менен бирге алдыдагы 100 жылда экономиканын туруктуу өнүгүсүнө жана ааламдагы адамдарды татыктуу жана туруктуу иш менен камсыз кылууга арналган демилгелерди белгилейт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ