Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Ушу тапта негизинен калк жайгашып, отурукташкан, бирок расмий түрдө айыл болуп эсептелбеген калктуу конуштардын саны жүз элүүдөн ашык. Алар: Тосту калктуу конушундагы 499 кожолукта 1763 киши, Туюк-Жар калктуу конушундагы 383 кожолукта 1511 киши, Өлөң-Булак калктуу конушундагы 291 кожолукта 1404 киши, Кара-Башат калктуу конушундагы 488 кожолукта 1837 киши, Чарбак калктуу конушундагы 276 кожолукта 859 киши.
Ошондон улам, КР Өкмөтүнө караштуу Административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча мекемелер аралык комиссиясы аларга айыл макамын берүү сунушун берген. Ал үчүн 70 миӊ сом талап кылынат, бул каражат демөөрчүлөрдүн эсебинен каржыланууга тийиш. Андан тышкары, жаңы түзүлгөн 5 айылдын айыл башчыларын кармоого жергиликтүү бюджеттен жылына 420 миӊ сом жумшала турганы белгилүү болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ