Menu

Жээнбековдун башкаруу иштеринде 40 жылдык тажрыйбасы бар же Атамбаевдин жөнөкөй чындыкты түшүнбөй жатканы тууралуу

Бөлүшүү:

АША кайсыл монологунда болбосун аракеттеги президентти да өзүнүн И.Илмиянов, Б.Сүйүнбаев, А.Ибраимов, З.Сариева, С.Исаков сыяктуу досторундай көчөдөн эле мамлекеттеги эң чоң бийликке келип калгандай көрсөтүүгө аракеттенет.

Ал АШАнын кудайга да жакпаган көп калптарынын бири 8-июнда “Форумдун” алдындагы сөзүндө да ошондой калпын дагы бир ирет кайталады. Чындыгында Сооронбай Жээнбеков чарбалык, башкаруу иштеринде 40 жылдык тажрыйбасы бар, колхоздук иштерден мамлекеттик эң чоң кызматка чейинки мансаптык тепкичтерди ырааттуу басып өткөн адам. Ал жазуучулар үчүн көп батирдүү үйлөрдү курууга бөлүнгөн 60 миллион рублди жымыра коюп, ошонун аркасы менен саясатчы болуп, анан төңкөрүшчүлөрдү каржылагандыгы үчүн эле мамлекет башына келип калган АШАдай авантюристтерден эмес.

Ал эмгек жолун мугалимдиктен баштап, андан кийин зоотехник, башкы зоотехник, райкомдун инструктору, совхоздун парткомунун катчысы, совхоздун директору болуп иштеген. 1994-жылы чарбалар таркатылганда чарбанын мүлктөрүн чыр-чатаксыз, эч кимге тартпай, бардыгына салымдарына жараша калыс бөлүп бергендиги менен элдин эсинде калган.

Андан кийин үч жолу Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, вице-спикер, айыл чарба министри да болду. Үч жылдай дыйкан чарбаны жетектеди. Андан кийин алты жылдай Ош облусунун губернатору болуп иштеди. Кадр кызматында, президенттик аппаратта такшалды. Ал убакта АШАнын Сооронбай Жээнбековго жардамы тийгендиги, көтөрмөлөгөндүгү чын. Бир партияда анын саясый өнөктөшү болуп жүрсө, аны көтөрмөлөбөгөндө кимди көтөрмөлөмөк? Көтөрмөлөө, колдоо бийликте, саясатта болуп келген нерсе. Бирок, ал протеже көтөрмөлөгөндүн, түрткүлөгөндүн биротоло кулагын кессе да кыңк этпес кулу, айтканынан чыкпаган, өз алдынча ой жүгүртүп, иш жүргүзө албаган маңкурт болуп дегенди билдирбейт. Мисалы, кийин өзүнө биринчи каршы чыккан Б.Ельцинди “бул силердин баарыңарды ыйлатат” деп Н.Рыжковдун категориялуу түрдө каршы болгондугуна карабастан Москвага Е.К.Лигачев алып келген. Демократ М.Горбачевду неосталинисттик маанайда ой жүгүртүшкөн М.Суслов менен Ю.Андропов көтөрмөлөшкөн. Өзүбүздүн тажрыйбага кайрылсак, Апсамат Масалиевди Турдакун Усубалиев өстүргөн. Ал эми Аскар Акаев дегенди А.Масалиев башкаруу иштерине аралаштырып, СССР Жогорку Советине депутат да кылган.

Алардын ичтеринде өз алдынча пландары, максаттары бар экен, республиканын башына келгенден кийин көтөрмөлөөчүсүнөн кескин айырмаланган саясат жүргүзүштү. Ал саясаттар канчалык оң натыйжасын берди, бул башка маселе, бирок бир да акыл-эси бар мураскор мурдагынын комплексинде, жетегинде калбайт. Ал өзүнүн көп жылдар бою ичинде багып, максат кылып келгендерин ишке ашырууга аракеттенет. Илгерки убактарда атасынын же агасынын ордуна хандыкка шайлангандар да мурдагылардыкын кайталап, ошолордун инерциясында калышкан эмес, өз алдынча саясат жүргүзүшкөн. Башкаруу иштерине келгенде ата менен бала, бир туугандар да бири-бири менен эсептешкен эмес. Анткендерге биринчи кезекте эл нааразы болуп, саясый туруксуздук күчөгөн. “Король умер, да здравствует король!” деген сөз ошондон калган. Мурдагылар кеттиби, алар кийинкилердин буттарына чалынбашы керек, андан эл да, аталык болгусу келген да абийир таппайт. Бийликтен кеткиси келген адам Б.Ельциндей болуп кетүүсү зарыл. Ал мураскорунун ишине бир жолу да кыпчылбады, сындамак түгүл, комментариялаган да жок. Ал өзүнүн доору бүткөндүгүн, кел-кел башканыкы экендигин түшүндү. Ар мамлекет башчысынын доору өзү кызматтан кеткенден тартып, аяктайт, бүтөт. Алаңгазар АША ушул кылымдардан бери калыптанган жөнөкөй чындыкты түшүнбөй, эри башка катын алып алса, чычалап ичи күйгөнүнөн оозуна келгендердин баарын айтып, ар жерге чимкириктерин силкип, каргап-шилеп жүргөн аялдай болуп, оозуна келгендерди оттоп, элди да, өзүн да кыйнап жатпайбы. Ал эсине эми башка жайда гана келет окшойт, сыягы…

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: