Menu

Видео – Алманбет Шыкмаматов: “Аида Салянова инисин өлтүрүүнү уюштурган баш кесер менен бир абакта отурат”

Бөлүшүү:

“Биз кечээ “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттары СИЗО -1ге барып, Аида Салянова менен жолугуп келдик. Салянова СИЗО-1де өзүнүн бир тууган инисин өлтүрүүнү уюштурган баш кесер менен ошол бир СИЗОдо олтуруптур”, – деп билдирди бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин отурумунда атамекенчи депутат Алманбет Шыкмаматов.
“Ушунун өзүн мен Саляновага болгон моралдык-психологияляк басым, кыйноо деп эсептейм. Экинчи жагдай, бардык гумандуу закондордо, эрежелерде экс-башкы прокурорду эч качан СИЗО-1ге камабайт. Аны ГКНБнын СИЗОсуна камаш керек эле, эгерде камаганга жагдайлар болсо. Бул бир, экинчиден Конституциялык палатанын судьялар жана экс-президент боюнча чечимдери бар. Конституциялык палата бизге жагабы же жакпайбы биз ага баш ийүүгө, аткарууга баарыбыз милдеттүүбүз. Ошондуктан тергөө группасы Конституциялык палатага кайрылып, парламенттин макулдугу керек беле же жокпу деп тактап алып туруп анан камаш керек болчу… Парламенттин төрагасы сиз Аида Салянованын укуктарын коргоо боюнча аракет кылышыңыз керек”, – деди атамекенчи Алманбет Шыкмаматов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: