Menu

Жээнбеков: Улуттук азчылыктар боюнча маселе – Кытайдын ички иши

Бөлүшүү:

Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиң менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы бекем достук орношуна тоскоолдук жараткан күчтөр бар.

«Кытайдагы улуттук азчылыктар боюнча маселе – бул өлкөнүн ички иши деп эсептейбиз», – деди Жээнбеков.

Кыргыз президенти Тайвань маселеси боюнча да сүйлөп, расмий Бишкек Кытайдын позициясын колдой тургандыгын жана бул аймактагы жападан-жалгыз мыйзамдуу бийлик катары Бээжинди тааный турганын кошумчалады.

Кытайда башка аз улуттун өкүлдөрүнүн катарында кыргыздар да камакка алынып жатканы жөнүндө кабарлар былтыр күз айынан бери чыга баштаган. Казакстандык «Ата Журттун ыктыярдуу жаштары» уюмунун кабары боюнча, Кытайда кыргыз улутундагы 50 миңдей жаран камакта отурат.

Буга байланыштуу кытайлык жана кыргызстандык активисттер баш калаада атайын жыйындарды жана митингдерди өткөрүшкөн. Бишкекте «Кытайдагы кыргыздарды колдоо комитети» да түзүлгөн. Буга байланыштуу кыргыз бийлигин Кытайдагы кыргыздардын абалына таасир этүүгө чакыргандар чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: