Menu

Видео – Владимир Путин Бишкекке келди. Президентти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды

Бөлүшүү:

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, 13-июнда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Эл аралык «Манас» аэропортунда Владимир Путинди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Ушул жерде эки мамлекет башчыларынын эки тараптуу жолугушуусу болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Владимир Путиндин ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келишине кубанычтуу экенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди Россия Күнү менен куттуктады жана мамлекет башчыларынын ар бир жолугушуусу өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө өбөлгө болоорун канааттануу менен баса белгиледи.

Россия Президенти Владимир Путин ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Бишкектеги жыйыны эл аралык күн тартибиндеги маанилүү иш-чара экенин белгиледи.

Владимир Путин Кыргызстандын төрагалыгы алдында ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйыны ийгиликтүү өтөөрүнө ишеним билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: