Кыш, күз айларындагы суук күндөрдө жөтөл күчөйт эмеспи. Мына ошол кезде дароо эле дары-дармектерди колдоно баштабай, элдик медицина менен да дарыланып жөтөлдөн айыкса болот. Ал үчүн:
1. Эгер жаш балдар тынбай жөтөлүп калса бир алманы, бир пиязды, бир сабизди кыргычтан өткөрүп жакшылап аралаштырып, ага эки чай кашык бал кошуп, жылуу боюнча балдарга бир күндө 4-5 маал берсе эки күндө жөтөл басылып калат.
2. 30 грамм жүзүмдүн кургатылганын кайнатылып муздаган сууга 45 мүнөт чылап коюп, андан кийин аны чыпкалап алып, жүзүмдү жатаарда жылуу сүт менен жеп турса абдан күчөп кеткен жөтөл да басылат.
3. 10 пиязды майда туурап, ага бир баш сарымсакты аралаштырып, 500 грамм сүткө кайнатуу керек. Сүттү 5 мүнөт кайнатып алгандан кийин ага 1 чоң кашык бал аралаштырып бир саат коюп коюу керек. Аралашма бир аз муздагандан кийин 1 чоң кашык менен бир күндө 3-4 маал ичип туруу зарыл.
4. Эки чоң кашык майдаланган алмага эки чай кашык бал менен эки чоң кашык майдаланган пиязды аралаштырып, банкага салып сууга кайнатып алып, жылуу боюнча бир күндө 4-7 жолу бир чай кашыктан жесе да жөтөл бат токтойт.
5. Эки жакшы бышкан бананды эзип, ага 200 грамм суу куюп, жакшылап кайнатып, муздаганда 2 чай кашык бал кошуп жылуу боюнча ичсе жөтөл бат басылат.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ