Menu

Жалал-Абад облусунан жасалма паспортторду даярдоо жана сатуу менен алектенген жарандар кармалды

Бөлүшүү:

Ушул жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгы жасалма паспортторду даярдоо жана сатуу фактысын аныкташкан. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жасалма паспортторду, документтерди даярдоо жана сатуу менен алектенген Жалал-Абад облусунун жашоочуларынан түзүлгөн кылмыштуу топту кармашты.

Аткарылган иш-чаралардын натыйжасында мурда алдамчылык жана документтерди жасоо фактылары менен соттолгон Сузак районунун 1962-жылы туулган К.А. аттуу жашоочусу кармалган. Ошондой эле, шериктеши Жалал-Абад облусунун 1987-жылы туулган Х.З. аттуу тургуну кармалган. Тиешелүү тинтүү иш-чараларын жүргүзүү учурунда кармалган жарандардан жасалма документтер табылган. Алынган паспорт Кыргыз Республикасынын жаранына таандык болуп, жасалма экендигин айырмалоо оңой эместиги байкалган. Тиешелүү экспертизалар дайындалган. Кылмыштуу топ бир нече ай ыкчам кызматкерлердин көзөмөлүндө болгон.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын маалыматы боюнча жогоруда аталган шектүү жарандар чет өлкөгө чыгуу үчүн адамдын өздүгүн тактай турган бир нече документтерди даярдашкандыгы аныкталган. Чогултулган материалдардын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 350-берененин 3-бөлүмү (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгошкон.
Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бирок, эки күн өткөндөн кийин К.А. жана Х.З. аттуу шектүү жарандар Ош шаардык сотунун токтому менен үй камагына алуу чечими чыккан. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгы соттун чечимине нааразы болуп, жогорку инстанциядагы кайрылды.

Азыркы учурда ички иштер органдары бул мыйзамсыз иш-аракеттердин башка катышуучуларын жана ушул сыяктуу кылмыштарды аныктоо максатында иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: