Бабановго ыргытылган чалма, саясат чөйрөсүндө жүргөн, бирок туруктуу позициясы жок, эрк-кайраты алсыз Бакыт Төрөбаевге окшогондорго кагылган коңгуроо болду. Ансыз да «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутатгары Төрөбаевди лидерликтен алып ыргытабыз деп «бунт» чыгарууга даяр турат. Айтор какаганга муштаган болуп, айласы кетүудө. Ошондон улам, президенттик шайлоо учурунда Бабановду президент кылам деп чуркап жүргөн жаны, тандемдешинин башына оор сыноо түшүп турганда, парламентте акыйкаттык үчүн үн катып ак же көк дегенге жараган жок. Бир нерсе айтып мен дагы кылтакка илинип, балээге калбайын деп керт башынын камын ойлоп, чээнге киргендей тынчыды. Эми бул саясий өнөктөштүн кылчу жоругу эмес да. Бабанов Он-Адырга барып «Чөгөлөп жашабай, тик туруп өлгөн жакшы» – деп айтпастан, ушул сөздү Төрөбаевге айтса болмок экен.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ