Menu

Бишкекте бүгүн такси кызматы иштей баштады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-майда Бишкекте такси кызматы иште баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мэрия эскерткендей, коронавирустук инфекциянын кесепеттерин жоюу жана экономикалык зыянды азайтуу максатында республикалык штаб чараларды көрүп, экономикалык иш-аракеттерди жандандыруунун атайын этаптуу тартибин түзгөн.

Айдоочу жана жүргүнчү сөзсүз түрдө медициналык бет кап жана кол кап кийиши керек. Айдоочу ар бир 3 саат сайын унаасынын ичин тазалап, дезинфекциялап, санитарзейлерди орнотуусу шарт. Таксиде 2 адамдан ашык жүргүнчү жана 1 жаш баладан көп болбошу керек.

Такси айдоочусу өз демилгеси менен май куюучу жайдан башка жерлерге барбашы керек экенин шаар жетекчилиги эскертет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: