Menu

Талант Мамытов, “Республика – Ата Журт” фракциясынан депутат: “ТЭЦтен эле 111 миллион доллар уурдалыптыр, дагы ири долбоорлорду текшерүү зарыл”

Бөлүшүү:

«Жоо кеткен соң, кылычыңды ташка чап» болуп, бүгүн парламент депутаттары экс-президент Атамбаевди расса жамандашты. «Президенттигинин тушундагы мыйзамсыз иштерин тизмектеп, тиешелүү органдарга өткөрүп берели. Укук нормаларын сактап, принципиалдуу позицияны карманып, Атамбаевдин аракеттерине баа беришибиз керек. Эгер ушул ишти аткара албасак, анда Атамбаев айткандай, чыныгы чимкиригин тарта албаган депутаттар болобуз. Эгер аткарсак, ким чимкирик экенин кыргыз элине көрсөтөбүз» дегенге чейин барышты, Атамбаевдин 8-июндагы «Форум» имаратынын алдында өткөргөн митингинде президент Жээнбековдун, депутаттардын дарегине кескин сын айтканы эл өкүлдөрүнүн намысына катуу тийген окшобойбу. Улам бири чыгып, айтор, Атамбаевди айтып туруп алышты. Айрымдары «камалышына негиз түзүлдү» дешет.»

– Талант мырза, Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу маселеси жалпы жыйында кабыргасынан коюлду. Бул бир нерсенин алдын алуубу, же…

– Атамбаев өз учурунда бийликте туруп, олуттуу мыйзамсыздыктарды жасаган экен. Алты жыл президент болду. Азыр экс-президент катары баардык кепилдиктер менен камсыз болуп отурат. Ал бийликтен кеткенден кийин балким, депутаттар, саясатчылар «кетти эми, тийишпей эле коёлу» дешкендир. Бирок, олуттуу фактылар кеткенден кийин чыга баштады. Мамлекетибиз карызга батып отурса, ошол карызга батууга себеп болгон чоң каражаттар, мамлекеттин эсебинен алынган суммалар ТЭЦтен, ат майдандан, музейден чыгып жатпайбы. Текшериле турган объектилер дагы бар. «Датка-Кемин», түндүк-түштүк альтернативдик жолу сыяктуу ири долбоорлор сөзсүз текшерилиш керек. Бир эле долбоордоң (ТЭЦтен) «111 млн. доллар уурдалган» деп экспертиза корутунду чыгарып жатат. Биз аны жаап-жашырышыбыз керекпи? Жок. Биз аларды алып чыгып, тийиштүү органдарда өткөрүп бердик. Катыштыгы бар адамдар камалды. Иш сотко өттү. Бирок, Атамбаев тим жатпастан, ошол адамдарды актап, 8-июнда митинг кылып алып, «алар үчүн мен жанымды берем» деп айтты. Алар элдин акысын жеп, коррупцияда айыпталып жатса, «алар үчүн жанымды берем» деп кандай адам айтышы мүмкүн?! Андыктан, биз бул боюнча чечим кабыл алышыбыз керек.

– Атамбаев ошол митингде парламентке карата ачуу сын айтып, «чимкирик депутаттар отурат» деди. Бул сөздү мурун да айткан. Ал бийликтен ке-кенден бери эки жылдай өттү. Эмнеге парламент ага карата контрчалгынды азыр баштады?

– Себеби, буга чейин Атамбаевдин кол тийбестик укугу болгон. Канчалык айтсак деле, мыйзам аны жоопкерчиликке тартууга жол бермек эмес. Жакынкы арада «президенттин
ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндөгү» мыйзамга толуктоолорду киргиздик. Ал мыйзамда талапка ылайык, экс-президенттердин кол тийбестиги алынып салынды. Мындан ары экс-президент дагы депутаттардай эле болуп калды. Оор кылмыш кылган учурда эч кимден уруксат суралбай туруп жоопкерчиликке тартылат. Чечим кабыл алынгандан кийин фактылар далилденсе, Атамбаев жоопкерчиликке тартылат.

– Атамбаевди айрым депутаттар Батукаев ишинде дагы күнөөлөп жатышат…

– Батукаевдин маселеси боюнча азыр тергөө жүрүүдө. Бири-бирине көрсөтмө бермейин чечилбейт. Бирок, ал кримтөбөлдү ошол кезде иштешкен жетекчилер чыгарып, качырып иймек эмес, эгер прездент макулдук бербесе. Бул нерсе айдан ачык көрүнүп турат. Мына ошол адамдар көрсөтмө беришсе, Атамбаев жоопкерчиликке тартылат. Атамбаев бул иште башкы фигурант деп ойлойм.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: