Menu

Нурдин Сулайманов, кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору: “Салянова камерада жалгыз эмес, өмүрүнө коркунуч туулганын айткан жок”

Бөлүшүү:

Батукаевдин иши боюнча камакка алынып, №1 СИЗОго камалган экс-башкы прокурор Аида Саляновага коркутуу, басым болуп, өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын анын адвокаттары, партиялаштары айтып тынчсызданышууда. Мындан улам алар Салянованын бөгөт чарасын өзгөртүүнү талап кылып жатышат. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өздүк коопсуздук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Ишенбек Мусаев дагы камакта отурган мурунку башкы прокурор Аида Саляновага кылмышкерлер аркылуу басым болушу толук мүмкүн деп эсептейт. Анын айтымында, саясатчыларга байланыштуу иштерде мындай тажрыйба мурдатан колдонулуп келген. Басым жасоого буйрукту бийлик берерин белгилейт ал. Парламенттин жалпы жыйынында «Ата Мекен» партиясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов дагы Саляновага кылмышкерлер аркылуу психологиялык басым жасалып, органда иштеген кызматкерлер андан тийиштүү көрсөтмө алууга аракет кылып жатышканын билдирди. «Атамекенчи» депутаттар 11-июнда Саляновага кирип, жолугуп чыгышкан. Ал эми жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул айтылгандарды четке какты. «Салянова кармалып турган корпуста камералар орнотулган» дешти. Жогорудагыдай маалымат чыгар замат, кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери Саляновага жолугуп чыгышкан.

– Нурдин мырза, Аида Саляновага басым болуп, анын өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын адвокаттары айтып жатышат. Сиздер жолугуп чыктыңыздар, өзү эмне деди?

– Аида Жеңишбековнага жеке мен өзүм барып жолуккан жокмун. Кызматкерлерим барып келишти. Айрым депутаттар ага басым болуп жатканы тууралуу маалымат айтышар замат, дагы бардык. Салянова өзү өмүрүнө коркунуч туулуп жатканы тууралуу эч сөз айткан жок. Шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенде да дароо барганбыз. Анда «тез жардам» чакыртып, кардиограмма жасатып, анан өзү менен сүйлөшкөнбүз. Болгону ден соолугуна байланыштуу маселени айтты. Жүрөгү ооруйт экен, «ультра үндүү аппараттан өтсөм жакшы болот эле» деди. Бүгүн дагы «Салянова кармалган камерага жакын анын инисин өлтүрүүгө катышы бар адам кармалып жатат» деген маалымат уктум. Бизде мындай маалымат жок. Биз дагы тактайбыз.

– «Салянова башкы прокурор болгон. Ал УКМКнын тергөө абагына кармалыш керек болчу» деп, №1 СИЗОго камалышы туура эместигин айтып жатышат. Кыйноолордун алдын алуу борбору бул иш боюнча сунуш айта алабы?

– Негизи, кармалган адамдын убактылуу кайда камалышын тергөө органдары чечет. Биздин ыйгарым укуктарыбыз боюнча мындай иштерге кийлигише албайбыз. Эгер ал жаранга кыйноо фактылары болсо, анда биз тез арада аны башка жайга которуу зарылдыгы тууралуу маселе көтөрөбүз. Мындай иш жаза аткаруу кызматынын жетекчилигине кайрылуу менен чечилет. Ал эми Салянова камерада жалгыз эмес. Жанында бир аял бар. Эч кимди жалгыз камабайт. Анүстүнө ал кармалган корпуста видеокамера бар экендигин айтышты.

– Бир туугаңын өлтүрүүгө катыштыгы бар адам ал жерде камалып турса, «коркунуч жок» дегенге кепилдик барбы? 

– Айла жок №1 СИЗОнун администрациясынын сөзүнө ишенгенге туура келет. Алар дагы «эч кандай коркунуч жок» деп жатышат. Атигил кылмышка катыштыгы бар делген адамдын кылмыш ишин алып көрүү керек мындайда. Бирок, аны ачууга бизге мыйзам жол бербейт. Акыры келип, бул жаза аткаруу кызматынын жоопкерчилигиндеги маселе.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: