Menu

Тажикстан: нике түнү күйөөсү аялын «кыздык белги үчүн» сабаган

Бөлүшүү:

Тажикстандын Дангара районунда 19 жаштагы Идимо Шерова аттуу кызды нике түнү күйөөсү сабап, мажбурлап кыздык белгиси жок экенин айттырып, аны видеого тартып алган. Бул тууралуу кыз «Эркин Европа» радиосунун тажик кызматына өзү билдирди.

«Мен аябай коркуп калгандыктан, ал айт деген нерселердин баарын айтып бердим. Мени сегиз жашымда кошуна бала менен жыныстык катнашта болгом деп айтууга мажбурлады», — деп билдирди Идимо Шерова.

Анын айтымында, көп өтпөй анын жарым жылаңач «кыздык белгиси жок экендигин» айтып берген видеосу аймактагы тургундардын арасына жайылып кеткен.

Мындан улам Шерова Дангара райондук сотуна кайрылып, моралдык чыгым катары мурдагы күйөөсү Фируз Мухаммадражабдан 50 миң сомони (беш миң долларга жакын) өндүрүп берүүнү талап кылган. Бирок сот кыздын абийирине эч кандай шек келтирилген эмес деген чечим чыгарган.

Идимо үйлөнүү тойго чейин жана күйөөсүнүн айыптоосунан кийин төрт жолу медициналык текшерүүдөн өткөнүн, дарыгерлер төрт жолу тең анын кыздык белгиси бар экенин ырасташканын билдирүүдө.

Анын мурдагы күйөөсү Фируз Мухаммадражаб тартып алган видеону аялынын кыздык белгиси жок экенинин далили катары сотко өткөрүп бергенин билдирди. «Ал видеону айыл ичине ким таратканын билбейм», — деди ал.

Душанбедеги Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунан билдиришкендей, былтыр аларга кыздык белгисин текшерип берүү өтүнүчү менен жарандардан 570 кайрылуу болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: