Menu

Кадыры жок кадрлар парады

Бөлүшүү:

“Сулуулугу үчүн мактана коюп” Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов кызматынан кол жууду. Коомчулуктун сыны, ММКнын түп көтөрүлө өкмөткө чейин сын жаадырышы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди бир эсе чочутса, бир эсе сүйүнттү. Мунун чоң себеби бар эле…

Туйгуналы Абдраимов ушул кезге чейин өкмөт башчылыкка потенциалдуу талапкер катары сыпатталып, Абылгазиевдин өкмөтүнө коркунуч жаратып . келген. Экс-президент Атамбаев менен алыша турган Чүйдүн тың чыкмасы катары өзүн көрсөтүп, ал тургай экс жана жаңы президенттер ортосунда ортомчулук милдетин да баштап жиберген. Бул милдет ырааттуу ишке ашып кетсе, анда эле өкмөт башчы болуу мүмкүнчүлүгү жогоруламак. Тилекке каршы, ага жетпеди. “Сулуулугун” ашыкча пайдаланып жиберген Туйгунаалы Абдраимовдун бул кылыгын президентке алда канча кызмат орду менен жакындыгын көргөзгөн азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев анын жолун тосуп, орто жолдон жумушунан алдырды. Ачыгын айтыш керек. Президенттин буйругусуз Абылгазиев эшектин тушамышын чече албайт. Ал тургай жеке өзүм билемдик менен бир айыл өкмөт башчысын кызматтан алуу мүмкүнчүлүгү бар экенине шегибиз бар.

Башкача айтканда, кадр саясатындагы алешемдиктерден коомду убактылуу болсо да алаксытуу максатында, президент Туйгунаалы Абдраимовду кызматтан алуу чечимин кабыл алды. Экс-президент Атамбаевдин социалдык базасы катары эсептелген Чүй облусунун губернаторун кетирүү менен аталган облуска канатташ жайгашкан борбор шаардын жашоочуларынын, интеллигенциянын Райым Матраимов боюнча талабын башка багытка бура ала турган саясий жүрүш болду. Албетте, убактылуу. Муну менен азыркы бийлик өлкөнүн Чүй, Нарын, Талас облустарында кадр каатчылыгы бар экенин билдирип койду. Мындайча айтканда, азыркы бийликтин салмактуу кадрлары жок экенинен шек алдырды.

Көп райондордун бири катары сыпатталган Аламүдүн районунун башчысы, болгондо да бир катар кызматтагы кемчиликтери менен жумуштан кеткен Намазалиев Алтынбекти стратегиялык мааниси чоң облуска алып келиши кадрдык чоң ката экенин жакынкы күндөрдө азыркы бийлик сезет. Бул жерде Иса Өмүркуловго таасири бар, саяк уруусунан чыккан КСДПнын бакандай депутатынын өкүл баласы экенин жана Өмүркуловдун кийлигишүүсү менен тажрыйбасы жок баланын губернаторлук кызматка келип калышы Чүй облусундагы нааразычылыктарды күчөтөт. Себеби Иса Өмүркулов Чүй өрөөнүнүн учурдагы эң “жек көрүмдү” саясатчысы. Абдраимов Өмүркуловго болгон ачык нааразычылыгын билдирип, илгерки ич күптүсүн чыгара баштаса, Ысык-Ата району экиге бөлүнүп, Атамбаевдин тарапташтарын көбөйткөнгө эле жардам берет. Ошондо гана Өмүркулов азыркы бийликти отко түртүп жаткандарын билишет.

Деги эле азыркы бийлик тараптан дайындалып жаткан кадрдык саясатты карап көрсөк, Сооронбай Шариповичтин таянаар тоо, бел кылчу медерлери жокко эсе экенинен кабар берет.

Алмаз Темирбек уулу

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: