Menu

Тажикстанда окуу жылын 1-августтан баштоо сунушталууда

Бөлүшүү:

Тажикстанда Билим берүү жана илим министрлиги окуу жылын 1-сентябрдан 1-августка жылдырууну сунуштады. Бул тууралуу министрликтин алдындагы Билим берүүнү өнүктүрүү институту билдирүүдө.

Адистер жаңы окуу жылынын башталышы үчүн 1-август эң ыңгайлуу деген чечимге келишкен. Алардын пикиринде, бул маалда бала дагы жакшы окуп, ийгиликтерди жаратат.

Институт окуу жылын жылдыруу – бүтүрүүчүлөрдүн ЖОЖдорго сынак тапшырууга даярдануусуна ыңгайлуу деп эсептейт. Адистер айылдагы балдар июнь жана июль айларында ата-энесине жардам берип талааларда иштеп, өз учурунда сынакка даярдана албай калышарын дагы эске алышкан.

Окуу жылынын башталышын жылдыруу жалпы билим берүү мектептерине гана тиешелүү.

Эгер сунуш ишке ашса, Тажикстан окуу жылы бир ай эрте башталган алгачкы постсоветтик өлкө болуп калат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: