Криминалдар дүйнөсүндө эмне болуп жаткандыгын алар менен дайыма байланышта болгон түрмөдөгүлөр жакшы билишет. Ошол убакта Нариман Түлеев түрмөдө отурган. Анын айтымында, Батукаев бошоп кеткенде түрмөдөгү узун кулактар ал үчүн кыргыз бийлигине бардыгы болуп 2 миллион доллар төлөнгөндүгүн маалымдашкан экен. Анын 500 миң доллары аферанын башында турганга, 300 миң доллары андан кийинки айымга берилиптир. Ал эми калгандары 100 миң доллардан башка фигуранттардын ортосунда бөлүштүрүлүптүр. Кримтөбөлдү бошотууга тиешеси барлардын бардыгынын убагында жанталаша адвокаттык кылгандарынын бир себеби ушунда болуп жүрбөсүн? Айрым чиновниктер ага кошумча дагы сурашса, аларды “окутуп коюш” үчүн чечендер жасалма долларларды карматып коюшуптур. Бул өзүңүздөр билесиздер, эмчек сураганга башка мүчөнү карматып койгондой эле шылдың.
Ал өзү жөнүндө чуу чыкканда Зарылбек Рысалиевге телефон чалып, “Заке, мен кылмышкермин, ал туура. Бирок, мен эркиндигимди силерден нак акчага сатып алганмын. Мен качып келбесем, силер өзүңөр чыгарсаңар, анан эмнеге чуулдап жатасыңар?”- деген доосун айтыптыр. Кримдүйнөнүн мыйзамы менен алганда аныкы туура, ал биздин ыйманы жоктор сураганды төлөдү. Эми ага биздин укук коргоо органдарыбыздын колдору жетпейт, бирок ага эркиндикти нак акчага саткандардан сураганга убакыт келди.
Булак: «Кабар инфо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ