Menu

Байпакбаевдин өндүрүшчүлөрдү “өпкөгө” койгон мыйзамын Айдаров артка кайтарабы?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакбаев өткөн май айынын этегинде бир мыйзам долбоорун сунуштады. Тактап айтканда Байпакбаев сунуштаган долбоор боюнча айта турган болсок, 21-майда Жогорку Кеңеште «КР Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү. Мыйзам тили менен айтканда түшүнүктүү болбой калышы мүмкүн, бул себептен Экмат мырзанын «табылгасы» дейбизби, «особый мыйзамы» дейбизби, айтор ошол мыйзам сыяктуу «немесин» түшүнүктүү тил менен айта кетели. Экмат Жүрүкбаевичтин ою боюнча Кыргызстанда өндүрүлгөн пиво продукцияларына акциздик марка киргизишибиз керек экен. Ушул жол менен контрабанда жолу менен сырттан кирип жаткан пиволорго чектөө киргизсек болот деген логиканы айтты. Логика болбосоң кое кал! Бирок, ал тууралуу жетиштүү аргументтер менен түшүндүрө алган жок. Ыя, айланайын бул Экмат Байпакбаев деген депутат сөрөйдүн атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдогондун ордуна аларга бут тоскон мыйзам долбоорун сунуштаганы кандай?

Акциздик марка киргизсек эле контрабанда кан буугандай токтойт деп эч ким кепилдик бере албайт да. Бул мыйзамдын түпкүлүгүнө үңүлсөк жергиликтүү сыра өндүрүүчүлөргө кызылдай эле бут тосуу болуп атпайбы? Акциздик марка кирген күндүн эртеси ата мекендик өндүрүшчүлөр чыгарган сыра кымбаттайт. Пиво кымбаттаса элдин чөнтөгүнө күч келип, пивонун өтүмү төмөндөйт. Сатуунун көлөмү азайса мамлекеттик казынага түшкөн салыктын көлөмү дагы төмөндөйт. Болжолдуу маалымат менен айта турган болсок, өлкөбүздө өндүрүлгөн «Арпа», «Абдыш-Ата» жана «Топоз» деген сыра өндүрүүчү 3 ири завод жылына болжолдуу 600-700 миллион сомдун тегерегиндеги салык төгүшөт. Анын көлөмү ылдыйлап кетсе салыктын азайган көлөмүн мамлекетке Экмат Байпакбаев чөнтөгүнөн төлөп береби? Ошол эле учурда азыр өлкөбүздөгү ири сыра өндүргөн заводдордо камералык көзөмөл бар, канча сыра чыгып атат, кандай чыгып атат онлайн көзөмөлдө тиешелүү тармактар карап олтурат. Демек, баарын ачык-айкын көрүп олтурган соң алардын ишине тоскоолдук жаратуунун кажети барбы?

Акциздик марка киргизүү бул кайсы бир тараптын кызыкчылыгын коргоо деп түшүнсөк болот. Байпакбаев кимдин «музыкасына» бийлеп жатты болду экен? Эгерде, Жүрүкбаевич кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгын коргоп жаткан болсо өтө жаңылышат. Болбогон бир 20-50 миң АКШ доллары үчүн ата мекендик сыра өндүрүүчүлөрдүн ишине бут тосконуңузду сездиңиз бекен, Экмат мырза? Же утурумдук кызыкчылык сиз үчүн бийикпи? Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү коргогондун ордуна жонунан кайыш тилген мыйзам долбоорун сунуштаган депутатты эмне деп аташты билбей турубуз. Акыл калчап ойлонуңуз Экмат Жүрүкбаевич!

Ал эми Жогорку Кенеште бул тармакты тескеген Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Салайдин Айдаров ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого алып, жогорудагы мыйзам долбоору боюнча калыс пикирин карманат деген ишеничтебиз. Дегенибиз, Салайдин мырза өлкөнүн өндүрүшүн мыкты түшүнгөн, аларды ар тараптан колдоого алып келген инсан эмеспи. Байпакбаевдин жеке кызыкчылык менен сунушталган мыйзамын комитеттин төрагасы катары Айдаров артка кайтарат деп ойлойбуз…

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: