Menu

Душанбеде адамды жүзүнөн тааный ала турган видеокамералар орнотулат

Бөлүшүү:

ушанбеде адамдарды жүзүнөн тааный ала турган видеокөзөмөл камералары орнотулат. Бул тууралуу өлкөдөгү «Шахри бехатар» («Коопсуз шаар») борборунун жетекчи орун басары Фуркат Шоимардонов билдирди.

Анын айтымында, жаңы видеокөзөмөл камералары Душанбедеги эл аралык аэропортко, темир жол бекетине, ири соода борборлоруна, базарларга, сейил бактарына жана адамдар көп топтолгон башка жерлерге орнотулат.

«Жаңы камералар санаалуу секунддарда эле ири көлөмдөгү маалыматтарды топтоп, анализдей алат. Система санарип сүрөттөрдү сканерлеп, аларды башка адамдардын сүрөттөрү менен салыштырат. Эгер камера адамдын сырткы көрүнүшү издөөдөгү адамга 25 пайызга окшош экенин аныктаса, анда тиешелүү маалымат биздин борборго келип түшөт», — деди Шоимардонов.

«Коопсуз шаар» борборунан билдиришкендей, адамдарды жүзүнөн таануу камералары өлкөнүн башка ири шаарларына дагы орнотулат. Долбоорду Кытайдын «Huawei» компаниясы ишке ашырат.

Душанбеде «Коопсуз шаар» системасы 2013-жылы киргизилип, анын алкагында борбордун негизги көчөлөрүнө жана 75 көчөнүн кесилишине 855 видеокамера орнотулган. Буга жалпысынан 22 миллион доллар каражат жумшалып, анын 20,9 миллион долларын Кытай ШКУнун алкагында насыя катары берген. Калган 1,1 миллион долларды тажик тарап өзү чыгарган.

Өткөн жылы «Коопсуз шаар» долбоору 2 миллионго жакын эреже бузууну каттап, төлөнгөн айыппул көлөмү 132 миллион сомониден (14 миллион долларга жакын) ашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: