Ойлогон эле ой ишке аша берсе, анда жашоонун кызыгы канчалык? Бирок мындай аныктамага макул болбогондор да бар.
Ошол эле маалда татдыр тактасы сенин жүрүшүңдү өз каалаганындай өзгөртүп, шах же мат коюп да кете берет. Дегеним, Билим берүү жана илим министрлигинин статс-секретары Калыс Шадыканов кантип министр болом деген санаа менен күн кечирүүдө. Башын ачытып ар түркүн жүрүштөрдү жасап да көрдү. Мурунку министрлер Канат Садыков менен Эльвира Сариевага тымызын көр казып, булар кетсе ордуна мен келем деген кыялдар менен жашап жүргөндө Шадыканов учуп шах коюлбады. Кыялы ойрондолду. Анткени министр болуп Гүлмира Кудайбердиева келип калып, тилеги таш капты. Эми үйрөнгөн адатын таштай албай, Гүлмира Кудайбердиевага тымызын ор казып, аны мат кылуунун амалын издеп жатканы кызык экен. Атына карама-каршы жашоо принцибин түзүп алган Калыс мырза калыстык деген түшүнүк тууралуу бир аз биле жүрсө кана?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ