Menu

Видео – Депутаттык комиссия: “Алмаз Атамбаев президент кезинде уюшкан кылмыштуу топ түзүп, мамлекеттик өзгөчө оор кылмыштарды жасаган”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-июнда  Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасынын экс-президенти статусунан ажыратуу үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду бере турган атайын убактылуу комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.

Ал эми депутат Талант Мамытов демилгечилер тобунун Жогорку Кеӊештин Төрагасына жазган кайрылуусу менен тааныштырып, экс-президент Алмазбек Атамбаев президенттик ыйгарым укуктарын аткарып аткан учурда көптөгөн мыйзам бузууларга жол бергенин белгиледи.

Андан кийин депутаттык комиссиянын атынан Каныбек Иманалиев 9 факты боюнча Алмаз Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратууга жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн корутунду чыгарууга болорун билдирди:

-Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда, 123 чет өлкөлүк адамдарга, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүнө ок атуучу куралдарды белекке тартуулаган. Мындай жосундар улуттук мыйзамдардын жоболоруна кайчы келет. Мыйзам боюнча президент же премьер-министр Кыргызстанга эмгеги сиңген адламдарга гана курал бере алат. Ал эми 123 адамдын 99% Кыргызстанга эмгеги сиңмек тургай, Кыргызстанга бир да жолу келишпеген.

-Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы болуп турган учурда анын катышуусу менен кылмыш жазасын өтөп жаткан «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаев түрмөдөн мыйзамсыз бошотулган. Мындай кылмыш коррупциясыз – пара алмайынча дасалбашы айдан-ачык.

-Анын кирешелери менен чыгашалары жөнүндөгү декарациясында аталган мүлктөр ээлик кылган мүлктөрүнө дал келбейт.

-Атамбаев башында турган Бишкек ЖЭБин реконструкциялоонун жүрүшүндө өлкөгө ири көлөмдөгү коррупциялык зыян келтирилген. Ал эми Алмаз Атамбаев өзү Бишкек ЖЭБин модернизациялоого катышканын, стратегиялык чечимдерди жана аларды аткаруучуларды өзү тандаганын мойнуна алган.

-Алмазбек Атамбаев жерди транформациялоого мораторий жарыяланганына, мыйзам тыюу салганына карабастан премьер-министр кезинде 39,65 гектар жерди мыйзамсыз “айыл чарба максатындагы” категориядан “элиталык коттедждик айыл” курууга трансформациялап берген.

-«Дастан» ишканасынын айрым жетекчилеринин көмөгү менен Кой-Таш айыл аймагынан мыйзамсыз жер алып, анда жеке турак жай салган.

-Кышка даярдык мезгилинде анын Бишкек ЖЭБин көмүр менен камсыз кылуу ишине аралашкан. Экс-генпрокурор Аида Салянованын билдирүүсү боюнча Алмаз Атамбаев көмүрдү 1 млн долларга кымбат алып келген “Прогресс” компаниясынын кызыкчылыгын коргогон.

-Алмаз Атамбаев бийликтин бардык бутактарын өз колуна топтоп алып, бийликти узурпациялаган. Өзүнүн жеке кызыкчылыгында мамлекеттик кызматтарга өзүнүн жакын адамдарын КСДПнын мүчөлөрүн дайындаган. Президенттик шайлоо өнөктүгүндө шайлоо ишине аралашуу менен, Баш мыйзамдын талаптарын бузганы жөнүндө ой-пикирлер да айтылды. Алмаз Атамбаев чиновниктерден жана ММКнын өкүлдөрүнөн турган уюшкан кылмыштуу топ түзүп, мамлекеттик өзгөчө оор кылмыштарды жасаган. Ал бардык мамлекеттик органдардын иштерине жана мамлекеттик масштабдагы долбоорлордун ишмердигине кийлигишип, аралашкан.

-Алмаз Атамбаев “Мегакомду” сатып алууга жана “Коопсуз шаар” долбоорлорун алууга кызыкдар болгон “Ака инвест” жана “Терек-Сай жаштары” компаниялары менен афирирленген.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеӊештин атайын убактылуу комиссиясы 13-июнда «КР Президентинин ишмердүүлүгүнө кепилдиктер жөнүндө» мыйзамдын 12-беренесинде «КР ЖК Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 33-беренесине таянуу менен түзүлгөн, анын иштөө мөөнөтү – 7 күн. Комиссия курамында депутаттар Каныбек Иманалиев, Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турусбеков бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: