Menu

Октябрь райакимчилигинин өкүлү пара менен кармалды

Бөлүшүү:

Бишкектин Октябрь райондук акимчилигинин кызматкери пара алып жатып кармалды.

Бул тууралуу 17-июнда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Финполго ишкер адам кайрылып, акимчиликтин экономика жана каржы бөлүмүнүн сектор башчысы ай сайын акча талап кылып келатканын айткан. 10-июнда ал кызматкер иш бөлмөсүнөн 14 миң сом алып жаткан жерден кармалган. Баштапкы иликтөө учурунда акимчиликтин кызматкерлери ишкерлерден ай сайын 100 миң сомдой акча жыйнап жүргөнү аныкталды.

Кылмышка шектүү кызматкер Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камалды.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: