Баткен районунун Кара-Бак айылындагы “Алтын Аймак” ишканасы январдан май айына чейин 25 тонна кургатылган өрүк экспорттогонун Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги айтып чыкты. Ушул кезде Кыргызстандын негизги экспортунун көпчүлүк бөлүгүн дал ушул кургатылган мөмө-жемиштер болуп жаткандыгы айтылат.
Жалпы жонунан тышка сатылган мөмө-жемиштин негизги көлөмү АКШ мамлекетине экспорттолгон. Айталы: Нью-Йорк шаарына, Баргек (как) — 15 000 кг, Өрүк (сөөктүү) — 5 000 кг. Кандек өрүк — 5 000 кг кетсе, Чикаго шаарына Баргек — 15 000 кг жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, Түркия, Украина жана Россия мамлекеттерине тонналаган кургак жемиштер кеткен.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ