Дональд Трамп АКШнын аймагында мыйзамсыз жүргөн миллиондогон мигрант өлкөдөн чыгарыла турганын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн «Твиттердеги» баракчасына жазды.
«Депортация иштери кийинки жумада башталат. Алар Америкага кандай кирсе, ошондой ылдамдык менен чыгарылат. Алардын арасында бүтүндөй үй-бүлөлөр, алардын балдары дагы бар», — деп жазды Трамп.
Маалыматтарга караганда, бул аракет көбүнчө федералдык соттор тарабынан өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттендирилген, бирок бул талапты аткарбаган адамдарга багытталат.
Адатта Кошмо Штаттардын Иммиграциялык-бажы кызматы (ICE) мыйзамсыз жүргөн мигранттарды чочутуп албаш үчүн, алдыдагы рейддери тууралуу маалыматтарды жашыруун кармайт.
Бүгүн Орландодо өтө турган митингде Дональд Трамп кайрадан президент болуп шайлануу боюнча өнөктүгүн расмий түрдө баштайт. Анда көтөрүлө турган негизги темалардын бири иммиграция болот деп күтүлүүдө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ