Menu

Видео – КР Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жогорку Кеңеште сөз сүйлөдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-июнда КР Жогорку Кеңешинде жаңы шайланган 5 өкмөт мүчөсү ант беришти. Ант берүү аземине КР Президенти Сооронбай Жээнбеков катышты. Ал жаӊы өкмөт мүчөлөрүн ант берүү аземи менен куттуктоо менен бирге, аларга чоӊ жоопкерчилик тагылып жатканын эске салып, аларды мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө чакырды.

Жогорку Кеӊеште экономика министри Муканбетов Санжар Турдукожоевич, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Чодуев Эркинбек Урайымович, Өкмөттүн Аппарат жетекчиси – министр Кылжыев Самат Аскербекович, маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Догоев Дастан Давлетович, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Опумбаев Орозбек Найманович ант берип, өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан жаӊыдан дайындалган өкмөт мүчөлөрүн ант берүү аземи менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊыдан дайындалган өкмөт мүчөлөрү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: