Menu

Атамбаев өзүнө-өзү көр каздыбы?

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары 13-июнда комиссия түзүп, кылмышка шектүү кадамдарын жети күндүн ичинде иликтеп чыкмак болгон. Кечээ комиссиянын отурумунда бардык тараптар чакырылып, анда дооматтар айтылып, жыйынтыгында экс-ажого оор айыптар коюлган чечим чыгарылды.

1-си, Атамбаев премьер-министр болуп турганда Орусиянын жарандарына 123 курал берген, анын арасында кылмыштуу топтун мүчөлөрү болгон, 2-си, Азиз Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар жана андагы коррупциялык иштерге аралашкан, 3-сү, Алмазбек Атамбаев 35,65 гектар айдоо аянттары мыйзамсыз трансформациялаган, 4-сү, «Дастан» ишканасынын жооптуу кызматкерлеринин жардамы менен Кой-Таш айылындагы жерди мыйзамсыз алып, үй салган, 5- си, Атамбаев Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иштерге аралашкан, 6- сы, акча адалдаган «Ака инвест» жана «Текесай Жаштары» компанияларына Атамбаевдин тиешеси болгон, 7-си, Бишкекке көмүр жеткирүүчү компаниянын кызыкчылыгын сүрөгөн, 8-си, Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде кылмыштуу топ түзүп, бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнө түздөн-түз кийлигишкен, 9-су, Атамбаев бийликте туруп анын бийлигине каршы чыккан саясатчыларды, журналисттерди куугунтуктаган деп тапты. Бул чечим ушул жумада жалпы жыйынга чыгарылып, 60 депутаттын добушу менен Башкы прокуратурага жөнөтүлөт. Эл өкүлдөрүнүн дооматында негиз болсо аталган орган кылмыш ишин козгоп, кайра Жогорку Кеңешке кайралат. Анан 80 добуш менен экс-президент макамынан ажыратылып, мыйзам алкагында чара көрүлөт.

Камчы Кадыров

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: