Menu

Трамп Путин менен Жапониядагы саммитте жолуга турганын билдирди

Бөлүшүү:

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен кийинки жумада Жапонияда өтө турган «Чоң жыйырма» саммитинде жолугат. Бул тууралуу ал Fox News телеканалындагы маегинде билдирди.

Күн мурун Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков саммиттеги эки тараптуу жолугушуулардын графиги жаңы гана түзүлүп жатканын айтып, азырынча эки лидердин жолугушуусу тууралуу эч кандай маалымат жок экенин билдирген.

Путин майдын ортосунда Вашингтон менен мамилелер жакшырат деп үмүттөнүп жатканын белгилеп, Дональд Трамп менен «Чоң жыйырма» саммитинде жолугушу мүмкүндүгүн айткан.

Буга чейин Трамп дагы Путин менен июндун аягында Осакада жолугууну пландап жатканын айткан.

«Чоңжыйырманын» буга чейинки саммити былтыр жыл соңунда Аргентинанын борбору Буэнос-Айрес шаарында өткөн. Анда Трамп менен Путин жолуга тургандыгы жөнүндө көптөгөн сөздөр айтылганы менен эки лидер жолуккан эмес. Буга Азов деңизине бараткан 24 украин деңиз аскеринин Орусиянын кемелери тарабынан кармалышы себеп болгон. Анда кармалган украин аскерлери дале болсо Орусияда камакта калууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: