Menu

“Азаттыктын” Раим Матраимов тууралуу калпы чыктыбы?

Бөлүшүү:

«Азаттыктын» журналистинин «Кыргызстандан чыгарылып кетти» делген каражат бетме-бет кайым айтышууда «700 млн. долларды Матраимовдордуку деп айткан эмесмин» дегени коомчулукту туура эмес ойго салды. Анда ким айтты? «Азаттыктын» журналисти Али Токтакунов өзүн коррупцияга каршы күрөшүүчү, бүгүнкү күндүн шери катары айткан сөзүнө туруш керек эле. Анда эмне,«Кыргызстандан чыгарылды» деп «Азаттык» канкакшап улам-улам элдин чыңалуусун күчөтүп берип жаткан 700 млн. доллар тууралуу таратып жаткан маалыматтар жалганбы? Же«Азаттык» кимдир бирөөнүн кызыкчылыктары үчүн иштеп жатабы?

«Азаттык» тууралуу азаптуу ойлор

Эмнеге «Азаттык» үналгысы Матраимовдорго жабышкан бойдон чыкпай калды? Көрсө, мунун сыры теренде экен. «Азаттык» үналгысы социалисттик идеологиянын, СССРдин эң башкы душманы болгон. Ал кезде «Азаттыкты» түптөгөн Азамат Алтайга «согушта чыккынчылык кылып Батышка өтүп кеткен» деген кине коюлуп, аны угууга тыюу салынган. Кыргыз эли эгемендүүлүккө жеткен соң Салижан Жигитов өңдүү алдыңкы интеллигенция өкүлдөрү «Азаттык» үналгысына чогулуп, калыс ойлорун айтып турчу. «Азаттыкта» кыргыздын калыс, таасын, күчтүү журналисттери орун-очок ала баштаган. Арийне, «Азаттыктын» башкы позициясы караламан калкты бүгүнкү дүйнөдөгү маалымат менен камсыз кылып, улуттук маданиятты, адабиятты көтөрүү болгону менен кээ бир жерде кимдир бирөөлөрдүн буюртмасы аркылуу ушактар менен ашмалтайын чыгара каралап, маскаралап, жалган маалымат менен иштеген кесиптештерибиз бар экен. Эмне үчүн «Азаттык» үналгысы мындай кесиптештерибиздин калпына басым жасап жатат? Анткени, бүгүнкү коомчулукта көптөгөн маалымат булактары ар кайсы саясатчылардын амбициясына көз каранды «Апрель» телеканалы сыяктуу маалымат булактары жамгырдан кийинки козукарындай жыбырай баштады. Аларга салыштырмалуу өзүнө «2 имидж 2» топтоп калган, АКШ Конгресси тарабынан каржыланып, Батыштын акчасы менен «жан сактап» келаткан «Азаттык» үналгысы ар кимди «кара пиар» кылып «саргыч прессага» айланбастан, эң башкысы, маалыматты тактап алышса болбойт беле?

Эгер маалымат так болбой, Али Токтакунов сыяктуу алаңдап, «Азаттык» үналгысынан «Райым Матраимов 700 миллион долларды чыгарып кеткен» деген маалыматты эл-журтка таратып, ал эми чындык үчүн бетме-бет чыккан адамдардын алдына барып, «700 млн. долларды Матраимовдордуку деп айткан эмесмин» деп өз жазгандарын өзү калпка чыгарып жатса, анда «Азаттык» үналгысынын баркы көтөрүлөбү? «Азаттык» калптын булагына айланбаш керек. Запкы тарткан тарап мындай калпты жокко чыгарыш үчүн эки сүйлөгөн Али Токтакуновдун эки тасмасынын көчүрмөсүн алып, түздөн-түз АКШнын Кыргызстандагы элчилигине кайрылууга тийиш. Элчилик жооп бериш керек, эмне үчүн АКШ Конгресси каржылаган «Азаттык» үналгысы жанын үрөп калп айтып жатат? Балким, алар кимдир бирөөлөрдүн саясый буюртмасын аткарып жаткандыр? Анда кимдин буюртмасын аткарат?

Эмнегедир акыркы мезгилде түндүк-түштүк көйгөйү улам-улам козголуп жаткандай. Атамбаев Убактылуу өкмөт менен бийлик башына төрайым орун басары жана премьер-министр, президент болуп келгени «Азаттык» үналгысынын башында кайсы аймактын кулуну келатат? Кубат Оторбаев, Султан Жумагулов, Султан Каназаров, Айзада Касымалиева жана буларды Прагада көз салып турган «Азаттыктын» кожоюну, жакында ал кызматынан жогорулаган Венера Жуматаева – баары бир аймактын кулундары болуп келатат. 2010-жылдан баштап Атамбаевдин бийлиги бүткөнгө чейин «Азаттык» үналгысы бийликтин маалыматы сыяктуу бийликке жамынып, калыстыгынан тайып келатканынын себеби ушул. «Азаттыктын» көрүнбөгөн кожоюну, орусча айтканда «серый кардиналы» Атамбаевдин учурунда КТРК менен «Азаттыкты» продюссер болуп, булардын иш-аракеттерине «өмүр бою» көз салып келаткан, зор кызмат көрсөткөн Өмүрбек Сатаевдин жубайы Фарид Ниязовдун карындашы болуп чыкканы кандай? Мына коррупция деген ушул жакта жыттанып турган жокпу? Фарид Ниязов өз күйөө баласына
Матраимовдордуку деп айткан эмесмин» деп чалкасынан кетип, «сынып» берди. Анда эмне Өмүрбек Сатаев жаздыбы?..

«Ак ийилет, бирок сынбайт»

«Жакшыга кеп илешет, жаманга чөп илешет» дейт. Райым Матраимовду саясый жана журналисттик чөйрө көптөн бери билет, анткени, ал Ош бажысын жетектеп турганда эле калыстыгы менен эл оозуна алынып калган. Анын мамлекеттик деңгээлде кызматка келишине Алмазбек Атамбаев себепкер болгон. Бүгүн чакчыгайдай болуп чакылдап Темир Сариев «Матраимов мен өкмөт башчысы кезде бажы кызматынын башчысынын орун басары болгон» деп атат. Эгер Сариев туурасын айтса, балким ал президент Атамбаевдин өтүнүчүн аткаргандыр, балким коррупция менен күрөшүп, бажы төлөмдөрүн көбөйтүү аркылуу мамлекеттик бюджетке акча толтурган Райым Матраимовдун келишин Атамбаев жактырган эместир… Эмнеси болсо да 2015-жылдан 2017-жылдарга чейин бажы кызматында орун басар болуп, көмүскө кетип жаткан акча каражаттарын кан буугандай тыйып, коюлган планды ашыгы менен аткарып турган Матраимов болгон.

Кыргызстандын ар бир жараны президент сыяктуу эле укугу бирдей. Мисалы, машинасын кайсы жерге токтотсо да укугу бирдей. Түшүнүксүз нерсе – Атамбаевдин кызы машинасын токтото турган болсо, башка жарандар ордун бошото коюш керекпи? Матраимовдун жакындары Атамбаевдин кызынын кыялына каршы иш кылган, ордун бошотпой койгон. Ошон үчүн Матраимов куугунтук жеп, ошол кездеги өкмөт башчысы Сапар Исаков тарабынан кызматынан бошотулуп, чет мамлекетке куугунтукталып кеткен. Бул жерде дагы бир күдүк ой туулат: кантип эле үй-бүлө мүчөлөрү ортосундагы чатак Матраимов сыяктуу бажы кызматынын орун басарын кызматынан алып, куугунтукка дуушар кылсын? Бул жерде Матраимовго болгон ичкүйдүлүк бар. Ал орун басар болуп келгени Торугарт жана Эркештам бажыларында мурунку коррупциялык схемалардын жоюлушу, ар бир өткөн фуралардан тиешелүү үлүштөрүн өз капчыктарына төлөтүп, мамлекеттик бюджетке түшүрүүгө кызыкпай, Акаевдин заманынан бери акчага кекиртектен тойгон көпөстөр менен буржуйлардын тынымсыз ушактары анын кызматтан кетишине себеп болгон. Ушундай жагдайдан улам мурунку бийликтин бажыдан ала турган «доляларынын» саны кыскарып калганбы? Ошон үчүн Райым Матраимовдон кемчилик издеп жүрүшкөнү байкала баштадыбы?..

2017-жылдын сентябрь, октябрь айларында гана бажы кызматы алдыга коюлган пландарды аткара алган эмес. Мунун Райым Матраимовго тиешеси деле жок. Анткени, экономикалык тараптан союздашыбыз ЕврАзЭС, анын ичинде Орусия, Казакстан, Беларусь, Армения менен түзүлгөн келишим боюнча дээрлик экономикабызды көтөрө турган товарлар ушул жактан келет. Албетте, алар бажы аркылуу өткөндүктөн, бажы төлөмдөрдү көбөйтөт. 2017-жылдын сентябрь, октябрь айларында ошол кездеги Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин ортосунда болгон кайым айтышуу, субъективдүү карама-каршылык чек аралардын жабылышына жана бюджетибизге чоң жоготууларды алып келген.

Райым Матраимов сот тарабынан акталган

Матраимовдун куугунтукталышы мыйзам ченемдүү каралып, кызматынан туура эмес кеткенин сот далилдеген. Бул негедир кээ бирөөлөргө жаккан эмес, ошондуктан Матраимовдун үстүнөн жамандык издөө модага айланган. А иш жүзүндө Улукбек Ормонов сыяктуу көптөгөн инсандар аталарынын көзү өткөн күндөрүн белгилеп, элге куран окутуп, улуттук оюн өткөзүп бата алып келатышат. Бул жакшы көрүнүш, ал эмес учурунда президент Атамбаев да колдоп, өзү бара албаса да Темир Сариев сыяктуу өкмөт башчыларын салам дубайы менен жөнөтүп турчу. «Кара пиар» калкып чыктыбы, быйыл Матраимовдун атасына куран окутканын жамандык сыяктуу кабарлашкан «биттер» быжырап кетишти. Шамал кайсы жактан согуп жатканын түшүнгөн Райым мырза ар кимден өөн таап көнүп калган Атамбаевге кайрылуу жасайт. Ушул кайрылууга удаа эле Фарид Ниязовкүйөө баласы менен жашыруун тейлеп турган «Азаттык» үналгысы жалган маалыматтарды жайылтып чыкканы ушулбу? Алар көрсөткөн тасмадан кийин 5-канал калыс болуп, чындыктын бетин ачып келатат. Бир беттешүүдө өз жазганын өзү танса, экинчисинде Али Токтакунов келген жок. Ал ага чейин өзүнүн социалдык баракчасына «Райымбек Матраимов түз эфирге келсе ага суроо берүү үчүн барам» деген пикирин жазып чыкты.

Кызык, арамзалыктын алиппесин терең өздөштүрүп алган Али Токтакунов «Азаттыктын» чындыкты чындыктай айткан маркум кесиптешибиз Улан Эгизбаевге «калпы» менен теңелгиси келип жатабы? Же «арамзалыктын алиппесин үйрөндүм, эми «академигине» жетем» деп максат кылып алганбы? Биринчиден, өзү жазган материалдарды «мен антип айткан эмесмин» деп жокко чыгарууда. Экинчиден, жок нерсени бар кылып, чымынды төө кылып жатат, анан ушундай калпычы журналистке Райым Матраимовдун барып «отчет» беришин коомчулук кандай түшүнөт? Мындай буюртма менен иштеген Али Токтакунов сыяктуу карөзгөй, жалганчы журналисттер маалымат майданын ылайлап бүттүбү? Эми маалымат айдыңын булгабай, Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн кам көргөн журналисттерге ордун бошотуп бериши керек го?..

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: