Menu

Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер: “Элдин мойнуна илинген 37 миллион долларга жана ЖЭБдин ратификация болушуна депутаттар жооп берсин”

Бөлүшүү:

– «Атамбаевдин ал-акыбалын билип туруп, президент болуп шайланышынын башында тургандар Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров» деген кинелер коюлууда…

– Мен качан Атамбаевди шайлайм дедим эле? Аны шайлоо аркылуу эл шайлаган. Ошол кездери Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов ж.б. саясатчылар «колдойбуз» деп айтып чыгышкан. Артка бир аз кылчайсаңар эле баары айкын болот. Алмазбек Атамбаев президент болгон учурда мен иши жок жүргөн учурум болчу. Азыркыга чейин ишим жок жүрөм. Атамбаев менен бир күн дагы иштешкен жокмун. Атамбаев мага өмүрү кызмат берген эмес. Тескерисинче, мага көбүрөөк карыздар. Мен 2010-жылдын 25-декабрында эле кызматтан кеткем. «Убактылуу өкмөт тарыхый миссияны аткарып, андан кийин кетиш керек» деген эле позицияны кармап жүрдүм.

– Атамбаевди күнөөлөрү үчүн мыйзам алдында жооп беришин күтүп жатасызбы?

– Коомчулукта Атамбаевдин ушунчалык көп мыйзам бузган иштерин айтып жатышат. Мен да айтып жатам, «узурпация кылдың, ыйгарым укуктарды өзүңө ыйгарып алдың» деп 2012-жылы эле бетине айткам. Мен анда ага душман катары эмес, дос катары «туура эмес кылып жатасың, мурдагы президенттердин жолун түштүң» деп какшагам. 2015-жылдан тарта «дос» дебей калдым. Алмазбектин күнөөсү болсо, мыйзам чегинде жооп бериши керек. Мен анын мыйзамсыз соттолгонуна каршымын. Мыйзамдуу соттолушу керек. Ар бир адам, душманың болсо да мыйзамдуу соттолуусу шарт. Атамбаевди «мыйзамсыз канча ишти жасадың?» деп күнөөлөп туруп, кайра анын мыйзамсыз камалышын каалабайм. Эртең эле Сооронбай Жээнбековго «сиз Атамбаевди мыйзамсыз соттогонсуз» деген кинелер коюла баштайт. Душманың болобу, досуң болобу, кылган иш аракетгеринин алдында жооп бериши керек. Кылмышкерди соттоо мал сойгонго окшошураак. Малды адал сойсоң, адал мал болот. Адалдап сойбосоң, ал арам болот. Ал адамды да мыйзамдуу түрдө соттош керек. Кылмышкерди мыйзамсыз соттоп койсо эртең «саясый куугунтук» деп айтып чыгышат. Азыр «Атамбаев мынча адамды саясый куугунтуктаган» деп жүрүшөт. Ошонун бирөө да акталган жок. Эртең Атамбаев «менин убагымда соттолгондордун бири да акталган жок» деп айтып чыгат. Биз курултайда «прокуратура, жаңы ачылган жагдай менен булардын ишин карагыла, чечкиле» деп айтып чыктык. Тизмесин бердик. Бирок, азыркы бийлик караган жок. Анан кантип Атамбаевге күнөө коюшат? Мен Атамбаевге эмес, мыйзамдуулукка тартып жатам.

– Азыркы парламентке да катуу сөздөрүңүздү айттыңыз…

– Азыркы парламенттин «парламент» аты деле жок. Атамбаевди монстр кылган дагы, эркелеткен дагы ушулар. Мыйзамдарды жазып берген да ушулар. Эмне маселе болсо «хоп, майли!» деп аткарып жаткан дагы ушулар. «Атамбаев ушул иштерди кылыптыр, а аткаруучулар кимдер?» деген суроо узатылса эле депутаттар күнөөлүү болот. Ар бир кылмышкердин аткаруучусу болот. Аткаруучулардын баары ушул депутаттар да. Өздөрүнүн ичинен эле отуздай депутатты камап салды. Унчукпай отурушту. «Камбар-Ата» ГЭСин «РусГидрого» берем» десе, беришти. «Кайра келишимди бузам» десе, бузушту. Ортодо 37 млн. доллар элдин мойнуна түштү. Ал боюнча депутаттар жооп бериши керек. ЖЭБдин ратификация болушу боюнча жалгыз Сапар Исаков жооп бербеши керек, аны мыйзамдаштырып берген депутаттар жооп бериши керек. Атамбаевди күнөөлөп жатканда депутаттар «биздин да күнөөбүз бар, биз ратификациялап бербедик беле? Биз мыйзамдарды кабыл алып бергенбиз» деп моюндарына алуулары керек.

– Абылгазиевдин өкмөтүнө сиз да нааразы болсоңуз керек?..

– Бизде чыныгы иш алып барган өкмөт жок. Жөн эле роботтой болгон аткаруучулар. Парламент өкмөттү, министрлерди шайламыш этет, бирок алар президенттин эле айтканын кылышууда. Мурдагы президенттердин убагында деле ушундай болгон. Азыр деле уланып жатат. Ошон үчүн биз курултайда «системаны сындырбайлыбы, парламент өз ишин, президент өз ишин, өкмөт өз ишин аткарсын» деп канкакшап, ошон үчүн «реформа керек» деп жатабыз. Бизден башка бир дагы уюм муну талап кылбай келет. Алар өз кызыкчылыктарынан чыга алышпайт. Акаевди, Бакиевди соттодук, бирок система өзгөргөн жок. Ошолордун ордуна Атамбаев пайда болду. Эми Жээнбеков пайда болуп жатат. Азыр Атамбаевди соттоп жибергенде эле бир нерсе өзгөрүп кетпейт. Калыптанып калган системаны өзгөртүшүбүз керек. Маселе ушунда турат. Өкмөттү күнөөлөп болбойт. Ал жөн эле президенттин аткаруучусу. Акимди да шайлай албайт. Өкмөттө эркиндик жок. Ыйгарым укук да жок.

– Конституцияны реформалоо боюнча кол топтоо иштерин жүргүзүп жатасыздар. Карапайым эл кандай кабыл алууда?

– Шумдуктуудай колдоп, жакшы кабыл алып жатышат. Базарларда 100 адамдын алтымышы паспортторун жанына салып жүрөт экен. Эл эң сонун колдоодо. Бирок УКМК кызматкерлери тоскоол болууда. Мыйзам боюнча айлык, пенсия берген жерлерден, мечиттерден башка жерлерде кол чогултууга укугубуз бар. Юстициядан алган күбөлүгүбүз бар. Буюрса жакында топтолгон колду тапшырабыз. Мыйзам чегинде талап кылабыз. Оңдобосо ошого жараша иш кылабыз.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: