Menu

Болот Шер менен Садык Шерден неге үн чыкпай калды?

Бөлүшүү:

Кыргызда “бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз, шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз” деген мааниси терең улуу сөз бар.  Анын сыңарындай азыркы күндө өлкөбүздө Текебаев менен Атамбаевдин,  “Ата-Мекен” партиясы менен КСДПнын тиреши күч алып турганда кимдин-ким экени көрүнүп калды.

Атамбаев 31-август күнү 2010-жылдын 7-апрелинде куралдуу мамлекеттик төңкөрүш жасап, бийликти басып алган Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Темир Сариев, Болот Шер сыяктууларды “мародер”, “фокусник”, “кузгундар” “көралбастар”, ичи тарлар” деп атаганда “Атамбаев өзү оору киши! Аны психбольницадан текшертиш керек!”  деп бир бакылдап алган Болот Шер ошондон бери деми чыкпай коңулга кирип кетти. Ал эми анын бир тууган иниси, атамекенчи депутат  Садык Шер-Нияз Жогорку Кеңештин отурумдарында, комитеттердин жыйындарында  “Ата-Мекен” партиясынын же анын лидери Өмүрбек Текебаевдин позициясын колдоого алып бир орундуу сөз сүйлөй албай калды.  Кудум эле оозуна суу уурттап алгандай.

Көрсө бийликтин көзүрлөрү аларга эскертүү беришиптир. 2010-жылы апрелде бир нече күнгө КР Ички иштер министри боло калган Болот Шерниязов ысымын өзгөртүп, Болот Шер болуп, ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн төрайымы, апчеси Роза Отунбаевага кирип,  мыйзамдарды бузуп, эч кандай тендер же аукцион өткөрбөй эле Садык Шерге Бишкектеги эң ири “Манас” кинотеатрын 50 жылга менчикке алып бериптир.  50 жыл деген нерсе бул түбөлүк деген нерсе эмеспи, кыргыздар бекер жеринен “элүү жылда эл жаңы “ деп койбойт же болбосо Кожо Насирдин айткандай “элүү жылда же падыша өлөт же эшек өлөт”. Мына ушул фактыны бийлик мародерлук катары баалап, “Шерлер бир жерин кыспаса алардын мародерлугун ачып, “Манас” кинотеатрын элге кайтарып беребиз”  деп ишараат кылган экен, тиги эки бакылдаган текенин ооздору жап болуптур. Алтургай Текебаев “Референдум тууралу мыйзамга” жанталаша каршы чыгып жатканда Садык Шер “кечигип калдым” деген шылтоо менен колдобой койгон.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: