Menu

Турсунбек Акун кайсы соттун үстүнөн арызданганы жатат?

Бөлүшүү:

Октябрь райондук соту экс-акыйкатчы Турсунбек Акундун «Апрель» телеканалына жана журналист Канат Каниметовго жазган арызын кароодон баш тартты. Бул тууралуу Турсунбек Акун өзү журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, адвокатында бардык материалдар бар, аныy баарын судьяга алып барып беришкен, бирок судья “материалдар толук берилген жок” деп анын арызын кароодон баш тартып койгон. Ошондон улам, ал арызын башка райондук сотко бергени жатат. Аны менен катар ал баш тарткан райондук соттун судьясынын үстүнөн Соттор кеңешине арызданарын билдирген.

Эске сала кетсек, Турсунбек Акун быйыл июнда кримтөбөл Азиз Батукаев боюнча «Апрель» телеканалы даярдаган материалга байланыштуу Алмазбек Атамбаевди жана журналисти Канат Каниментовду сотко берген. Аталган телеканал Батукаевди чыгарыш үчүн Турсунбай Акунга чоң суммадагы акча берилгени тууралуу айтышкан. Турсунбек Акун «ар-намысыма шек келтирди» деп телеканалдан 500 миң, журналисттен 100 миң сом өндүрүп берүүнү соттон суранган. Алмазбек Атамбаев 8-августта камакка алынгандан кийин ага карата жазган арызынан баш тартып койгон.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: