Menu

Бутада бардык бийлик бутактары!

Бөлүшүү:

Коомдук саясий конфронтациянын катуу күчөй башташы, мурдатан эле болжолдонгондой, кеч күздүн келишин күтпөй эле, кайрадан кызуу, курч окуялардын жыш улануусу менен коштолушу — ​быйылкы жай мезгилинин чечүүчү мезгилдердин бири болуп калышын ырастап тургансыйт!..

Демек, тирешкен тараптардын (тигил, же бул саясий көз караштарынын карама-каршылыгынан улам бөлүнүшкөн, атаандашкан күчтөр эмес!) — ​азыркы президенттин айланасындагылар жана да анын эски “досу” — ​экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айланасында чогулгандардын күрөшү да финалдык чекке жетип баратат. Эми мындан ары — ​же ары, же бери болуу гана калды дегендей гана кеп болушу мүмкүн!..

Алмазбек Атамбаевдин “эгерде бир жерлерин кысышпаса — ​күздө президентти отставка кет деп чыгабыз!” — ​дегени, көрсө, дал өз учурунда, аргасыздан айтылган “ураан” экен. Бул чакырык сыртынан саясий түскө жамынганы менен, ички мазмуну толук бойдон жеке кызыкчылыктарга гана чулганып, арам ойлуу былыктардын ачыкка чыгышына каршы тургандардын акыркы аракеттери экендиги бышык…

Дегеле саясий авансценада соңку кездерде байкаларлык жаңы жандануулар жана өзгөрүүлөр орун алууда. Маселен, көптөн бери чоң саясаттан оолактап, коомдук-саясий турмуштун коңулуна кирип кетип, дайыны чыкпай кеткен Азимбек Бекназаровдун “чимкирик парламентти” отставкага кет деп чыгабыз деген “кличи” дагы жогорудагы экс-президенттин “урааны” менен үндөшүп турбайбы. Тексттери эки башка болгону менен, обондору бир болуп, акыры аягында келип, чыныгы, түпкү маанилери деле бирдей болуп калып жатпайбы?!

Кандайдыр бир ички “унисон” бардай сезилгени — ​экөө эки башка багытты көздөп, эки башка бийлик бутагына каршы чабуулга аттанууга даярданып жатышкандай сезилгени менен, экөө тең азыркы мыйзамдуу бийлик бутактарына карай оппозициялык маанайдагы чабуулдарга өтүүгө даярданышууда…

Ал эми эгемендик доордогу эң эле чабал премьер-министр болгон Абулгазиевдин өкмөтүн сындап, отставкага кетишин талап кылган депутаттар парламентте дээрлик күн сайын кыйкырышууда. Буга баары — ​коомчулук да, эл да, бийликтегилер да бышы кулак болуп бүтүшкөнсүдү. Ал эми өкмөт “кулда кулак жок” дегендей, шымын булгап алган кичинекей айыптуу баладан бетер, башын жерге салгандан башка, жарытылуу жообу деле жок.

Жасаган бир жарытылуу иши барбы? — ​деген суроону коюп, артка кылчайып, сыдыргыга салып, карап көрсөң, андай ишти таппай, аргасыздан терең өкүнүчкө батып кала бересиң. Соңку эле жасалган иштерине көз чаптырсак, Мухамбеткалый Абулгазиев башкарган өлөсөлүү болгон, өгүз өлбөсүн, өзүмдүн арабам сынбасын деген саясатты жүргүзгөн өкмөт да коомчулукту нааразылаткан гана алешем чечимдерди чыгарууну улантып, андан башка иштиктүү, дурус кадамдарга жөндөмсүз экендигин биротоло тастыктоодо. Башкасын айтпаганда да, соңку чыгарган “Манас жана Айтматов академиясынын” жетекчилерин дайындоо боюнча чечимдерин эле алып көрөлүчү. “Манас” эпосунун океаны, фольклордук мурас жөнүндө жетишерлик маалыматы жок, жада калса эң эле элементардык талапка жооп берген филологиялык билимдери да жок Топчубек Тургуналиевди президент, ал эми Элдар Айтматовду вице-президенттик кызматтарга дайындоосу мындай жооптуу чечимдерди кабыл алышкан жетекчилердин компетентсиздигин гана ашкерелеп салды!..

Илим-билимдин флагманы делген, өлкөнүн бул жааттагы саясатын ишке ашыруудагы лидерлик ролду аткаруучу Улуттук илимдер Академиясы араң гана дем алып, агониялуу абалда экендигин унутушканы аз келгенсип, өлкө өнүгүүсү үчүн өзгөчө маанилүү бул мамлекеттик илимий мекеменин нормалдуу иштеп, оңолуп кетишине кам көрүүнүн ордуна, акчалары ашып, батпай аткансып, жаңы “Академияны” аз келгенсип, аны кайдагы бир дилетанттарга башкартып коюшканы — ​өкмөттүн да, өлкө жетекчилеринин да чабал иштеп жатышкандыгын гана айкындоодо…

Ошентип, бийликтин бардык бутактарына массалык нааразычылыктар жыйылып келип, коркунучтуу кырдаалдын түзүлүшүнө шарт түзүлүүдө. Анткени, үчүнчү бийлик — ​сот бийлигине болгон элдин нааразычылыгы эбактан бери эле маалым. Эң эле коррупцияланган, паракорлор жана да мыйзамсыз чечимдерди кабыл алышкан соттор тууралуу айта баштасаң — ​бүгүн-эртең сөзүңдүн аягына чыга да албайсың!

Эгерде эртең “отставкага кет!” — ​деп чыгамын деп, азыртан эле катуу даярданып жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев дал ушул жагдайларды өзүнө курал кыла турган болсо, анын талаптарынын абсурддуу экендигине карабастан, тарапкерлеринин катары калың болушу дагы күмөн туудурбайт. Алабармандык, келегей сүйлөө, ойлонбой жеңил ойлуулук кылуу сыяктуу сапаттары менен таанылган экс-президенттин айланасында өтө куу саясий стратег бар экендиги дагы шек жаратпайт. ТЭЦ, Тарых музейи, Бишкек экс-мэрлеринин кылмыш иштери ж. б.д.у.с. ондон ашуун кылмыш иштерине чекит коюлуу алдында турабыз. Демек, ал кылмыш иштеринин ар биринде ондон ашуун айыпталуучулар бар экендигин эле эске ала турган болсок, алардын жакын туугандары, айылдаштары, уруулаштары жана да “жарма” кызыкчылыктары бар “жамаатташтары” болуп, баары бириккенде — ​кыйла эле чоң күчкө айланып кетиши да толук мүмкүн.

Ал эми башаламан топ, элдик “толпа” колдонулган мыйзамсыздыктар, тополоңду уюштуруу жагына келгенде, Кыргызстан жалпы Борбордук Азияда эч кимди алдына чыгарбайт. Мурда да эки-үч ирет жалпы элдик толкундоолордун негизинде жогорку бийлик алмашканы маалым…

Ушул кырдаалда Жогорку Кенештин экс-президентти кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча депутаттык комиссиясы абдан ыкчам иштеп жаткандыгы таң калтырбашы керек. Космикалык тездик менен, 9 пункттан турган түркүн айыптоолордон кийин алардын 6сы калып, ар түркүн кылмыштардан куралган “букет” даярдалууда. Дегинкисин, экс-президенттин “таза эместигине” шектелген ойлор кеңири коомчулукта мурдатан эле жаралгандыгы маалым. Мына, эми ошол божомол-жоромолдордун баары тыкыр текшерүүдөн өтүүсү тийиш.

Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары Сагынбек Самидин уулунун айтымында, Бишкек ТЭЦи боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаевге тиешелүү жагдайлар мурдатан эле өзүнчө бөлүнүп коюлган экен. Эмнеге эле Атамбаев жанталашып, Сапар Исаковду ак жеринен камап салышты деп айгай салып жатат десе, бул кылмыш иштин кыл жип менен буулуп калышына анын түздөн-түз болбосо да, кыйыр тиешеси бардыгы күмөн туудурбай калды. Демек, алар көзмө-көз сүйлөшпөсө да, тиешелүү “ортомчулар” аркылуу байланышып, “Эч нерсе айтпай, унчукпай коё турушсун, мен аларды соттон миллион доллар таштап болсо да, сүттөн ак кылып сууруп аламын!” — ​деген сыяктуу жубатуулар менен тил эмизип жүргөнү, андан соң, бул кылмыш иштеринин жыйынтыгы башкача өңүттө өнүгө баштагандан кийин, керек болсо төңкөрүш жасап болсо да, темир тор артынан бошотуп аламын деген арам ою бар экендиги жашырын сыр деле болбой калды. Жакында эле митингде айтылган: “бир жерин кыспаса, отставкага кет деп чыгабыз!” — ​деген билдирүүсү экс-президенттин туюк жарга барып такалгандыгын гана айгинелеп турат. Эми ага башка жол калган жок. Айрыкча, экс-вице-премьер министр Шамиль Атаханов тергөө кызматтары менен кызматташууга барып, Атамбаевдин көрсөтмөлөрү тууралуу “жалаякты” жайып салган соң!..

Икрам Илмияновго дагы айыптоосу угузулуп, сот иши финишке агылууда. Чынында бул жагдайдын түзүлүшү, ага али кийинки кылмыш иштери козголо электе эле, мурдатан эле күтүлгөн иш болчу. Экс-президенттин “оң колу” саналган бул жигиттин жосунсуз жоругун убактылуу өкмөттө бөлүм башчы болуп иштеген бирөөнүн мындайча баяндап бергени бар: президенттик администрация жетекчисинин орун басары өзүнө чакырып алып, өз ыктыяры менен арыз жазып берип, кызматтан кетишин сунуш кылат. Көрсө анын орду жогорудагы өзүнчө бир айлана-топ болуп алышкандардын бирине керек болуп жаткан экен. Бөлүм башчы өкмөт премьер-министри аркылуу гана ушундай чечимге барарын, баары мыйзам боюнча чечилиши керектигин айтат. Анда узун кабинетинин дал ортосунда талтайып туруп алган “шоопур” сол колун муштум кылып түйүп алып, анысын оң колунун алаканы менен улам ургулап: “Жазасың!.. Мен бул жерде бардыгын “мочить” этишим керек!” — ​деп, абдан “выразительный”, “аргументтүү жест” менен өзүнүн эң соңку пикирин билдирет…

Башкача айтканда, экс-президент баш болуп, анын айланасындагылардын көбү (бери эле болгондо — ​ага таянган жакын адамдары!) мыйзам, акыйкаттык, элементардык мамлекеттик кызмат этикасы деген түшүнүктөрдү уруп да ойнобой калышкандыгы — ​азыр ачыкталып жаткан кылмыш иштеринен улам гана ачыкка чыгууда.

Кыскасын айтканда, мыйзамды сыйлоо, бийик адамгерчилик деген сыяктуу түшүнүктөр жөнүндө ооз ачпай эле коюу керек. Эң эле элементардык талаптар да сакталбайт. Коомдук конфронтациячыл маанайдын күчөшү — ​коомдук-саясий аренадагы дал ушундай “атмосферага” байланыштуу болуп жаткандыгы талашсыз. Демейде, нөшөрлөгөн жамгыр болордун алдында бүт асманды кара туман каптап, алай-дүлөй болгон шамал жүрүп, чагылган чартылдан, күн күркүрөп, андан соң гана катуу жаай баштаган жамгыр бүт абаны тазалап, сергитип, табигатка жаңы дем берген сымал!.. Бир гана тилегенибиз, ошол катуу нөшөр селге айланып, табигый кырсыктарды алып келбеси үчүн, тек гана мыйзам чегинде аракеттерди жасап, “ылайланып-булганган” ыпластыктардан гана арылуу зарыл.

Антпесе, ушул кырдаалды да жеке өз кызыкчылыктарына гана пайдаланышып, азыркы коомдук-саясий аба-ырайын да өздөрүнүн максаттарына гана карай бурууга аракет кылышкан ар кандай көмүскө күчтөр жана маргиналдык саясий топтор арбын экендиги шексиз. Дал ошондуктан улам, бул азыркы чыңалган жана жарылуу алдында турган абал кимдерге пайда жана бул кырдаалдан кимдер утушат? — ​деген суроо дагы жаралбай койбойт. Азырынча, баары бүдөмүк жана кырчылдаган кармашуунун аягы кандай болуп бүткөн күндө да, жалпы эл, өлкө кызыкчылыгы баарынан жогору болушу керек!..

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: