Бала кезде капыстан кескелдирикти көрүп калсак кескелдирик, куйругуңду кес, – деп кубалап калар элек. Чын эле башына күч келгенде кескелдирик куйругун кесип кутулчу бизден. Анын сыңарындай учурдан пайдаланып калууга чунаңдагандар кайрадан булт этип чыга калышты. Түрмөнүн “сырларына” маарыган Нариман Түлеев баштагы жадатма ырын чубап жиберди: – “Атамбаев менден алган акчасын берсин” – деп.
Дегеле тынч жаткысы келбеген атасынан кызы Назгүл да калышпаганы көпчүлүктүн
башын чайкатты. Атасы 100 миң доллар алган десе, тигиниси бул көлөмдү 500 миңге чыгарды. Чамасы бизнести, акчаны гана түш көргөндөргө тирүүлүктөгү баалуулуктар сокур тыйынчалык болбой калат окшойт. Булардын чогулткан дүйнөсүнүн чети деле оюлган эместир? Адамдын керт башынын баасы эч кандай байлык менен ченелбейт, же бирөөлөр өз башын бир кил алтынга баалап алганбы? Бул албетте, жакшы жышаан эмес.
Булак: “Ачык сөз”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ