Menu

Фото – КР ТИМ Дипакадемиясынын илимий-изилдөөчүлүк, билим берүүчүлүк дараметин бекемдөө маселелери талкууланды

Бөлүшүү:

2019-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык институттун ректору, доктор Абдулазиз бин Мохаммед Аль-Хорду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2018-жылдын 28-февралында Доха шаарында кол коюлган Меморандумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык Академиясы менен Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык институттун ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды. Атап айтканда, профессордук-окутуучу курамдардын ортосундагы тажрыйба алмашуу жана 2019-жылы Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Катар Мамлекетинин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 21 жылдыгына арналган: «Кыргызстан менен Катардын ортосундагы кызматташуунун абалы жана келечеги» темасында тегерек стол өткөрүү боюнча макулдашууларга жетишилди.

КР ТИМ Дипакадемиясынын илимий-изилдөөчүлүк, билим берүүчүлүк дараметин бекемдөөнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурулду.

Министр Ч.Айдарбеков КР ТИМ Дипакадемиясынын техникалык базасын чыңдоого көрсөткөн жардамы үчүн ректорго ыраазычылык билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: