Menu

Видео – Молдалы Алыбеков, Ат-Башынын тургуну: “Менин армиядагы баламды командири автомат менен башка чаап, көзү көрбөй калды”

Бөлүшүү:

“Мен Алыбеков Молдалы Нарын облусунун Ат-Башы районунан болом. Менин уулум Кубан Алыбеков 2018-жылы мартта армияга чакырылган. Каракол шааарында эки ай даярдыктан өткөндөн кийин Таластагы чек ара отрядына жөнөтүлгөн. Таластагы аскердик кызматта эки ай жүргөндөн кийин, 11-июнь күнү Иманбеков деген контрактчы-командири бар экен, ошол автомат менен башка чааптыр. Ошол күнү кечинде эле бир көзү көрбөй калыптыр”, – деп билдирди бүгүн, 25-июнда Ат-Башынын тургуну Молдалы Алыбеков.

“Аны бизге такыр айтпайт. Анан командирлерине “көзүм көрбөй калды” десе болбой, 20-июнь күнү 4 аскер баланы санчастта (ооруканада) жаткан жеринен алып чыгып, дагы сабаптыр. Анан эртеси уулум дагы бир солдат экөөсү ата-энелерибизге билдиребиз деп аскердик бөлүктөн качышыптыр. Анан ошондо гана биз билип жатабыз да. Аскердик комиссариаттан чалышып, “уулуңуз армиядан качыптыр” деп кабарлашты. Ошол эле күнү кечинде командири “кармадык” деп телефон чалып калды. “Телефонду берчи өзүнө” десем, берди. “Эмне болду Кубан, эмнеге качтың?” деп сурасам “Ата кийин айтам” деп эле айтпай койду. Анан санчастта эле дарыланып жатты. Айтпайт. Сурасак “жакшымын” эле дейт. Аңгыча эки ай өтүп кетти, “эмнеге санчастта узакка жатат?” деп командирине телефон чалсам, “балдар көп кыйнап коюптур, эми Бишкекке госпиталга даярдап жатабыз” дейт. “Госпиталга алып барабыз” дегенде бирдеме болгон го дедим. Анан Бишкекте окулист врачтарга көрсөткөндө бир көзү көрбөй калыптыр да. Анан окулист-врачтар да урушту, “эмнеге кеч алып келдиңер?” деп. “Бул армиядагы бала, мен да силер менен кошо азыр биринчи көрүп жатам” дедим. Таяк жегенден бери 45 күн өтүп кеткен экен, 45 күндөн бери жанагы командирлери да бизге айтпайт. Ошондо эле, дароо алып келсе балким көзү көрүп калмак беле. Анан Аскердик прокуратурага арыз жазганбыз, алар гарнизондук прокуратурага өткөрүп берген, алар тергеп, сот өткөрдү. Автомат менен башка чапкан бала эми “чапкан жокмун” деп танып жатат. Катарда туруп, көрүп турган 18 бала да эми “көргөн жокпуз” деп жатышат. Сотту Таласта болсун деп чакырып жатышат, биз нейтралдуу жерде, Бишкекте болсун деп макул болбой жатабыз. Өкмөт тараптан бизге окшогон карапайым адамдарды колдоо жок. ВТЭК дегенине алып барып, көзүн текшертип, майыптыкка чыгаралы десек, алар “бизде муну текшере турган аппарат жок, Алматыга алып баргыла” дейт. Алматыга эки жолу барып, тарттырып келдик. Андан деле жыйынтык чыгарбады, майыптыкка чыгарыша элек. Сотту деле Таласта кылса алар соттон кутулуп деле кеткидей. Бир эмес эки адвокат жалдап алыптыр. Анан айлабыз кетип укук коргоочуларга кайрылдык, азыр Азиза Абдирасулова аябай жакшы жардам көрсөтүп жатат. Ушул кишиге ыраазычылыгымды билдирет элем. Эми кандай жыйынтык чыгарын деле билбейм. Аскердик прокуратура кандай тергөө жасаганын билбейбиз, эптеп сотко өткөрүп беришти. Буларга ишенбей деле калдым. Эми сотто көрөбүз да.”, – деди Молдалы Алыбеков.

Эртең, 26-июнь Кыйноолордон жапа чеккендерди колдоонун эл аралык күнү, буга карата Кыргызстандын Кыйноолорго каршы коалициясы журналисттерге дасторкон үстүндөгү жолугушуу өткөрдү. Ага Кыргызстандагы  кыйноолордон жапа чеккендер же алардын туугандары келишип, өз башынан өткөргөн кыйноолор тууралу айтып беришти.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: