Menu

Видео – ИИМ: Кыргызстандан Казакстанга аткезчилик жол менен товарларды ташыган активдүү уюшулган кылмыштуу топ кармалды

Бөлүшүү:
Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө  өз  өлкөсүндө экономикалык кылмыштар үчүн издөө жарыяланган Казакстан  Республикасынын эки жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалат, 2018-жылы бир нече жарандар Кыргызстандан Казакстанга аткезчилик жол менен товарларды ташуу үчүн активдүү уюшулган топту түзүшкөн.  Аталган топтун мүчөлөрү башында түзүлгөн план аркылуу мыйзамдуу документтердин коштоосу жок аткезчилик менен алектенип жүрүшкөн.

2018-жылы Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин Тергөө кызматы Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин  234-беренесинин 3-бөлүмү (экономикалык аткезчилик) жана 264-берененин 2-бөлүмү (улуттар аралык уюшулган топту, улуттар аралык кылмыштуу топту түзүү жана жетектөө, ага катышууга барабар) менен кылмыш иштерин козгошкон. Соттун чечими менен аткезчиликке жана улуттар аралык УКТны түзүүгө айыпталган бир катар жарандар соттолгон.  Ошондой эле,
Казакстан Республикасынын дагы бир нече жарандарына карата кылмыш иши өзүнчө бөлүнүп алынып, аларга издөө жарыяланган.  Андан сырткары, издөөгө алынган жогорудагы жарандар Кыргыз Республикасынын   аймагында жашырынып жүрүшөт деген маалымат түшкөн. Алардын кайда жүргөндүгүн аныктоо жана издөө боюнча бирдиктүү иш-чараларды жүргүзүү  максатында Бишкекке Казакстан Республикасынын  ИИМдин Криминалдык милиция департаментинен бир нече ыкчам кызматкерлер келишкен.  Жакында, Кыргыз Республикасынын  ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери ИИМдин “Шумкар” АБПнын Атайын операциялар отрядынын жоокерлери менен биргеликте  ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүштү. Бишкек шаарынын кичирайондорунун биринен Казакстан Республикасынын 1990-жылы туулган Е.Ж. жана 1983-жылы туулган А.А. аттуу жарандары кармалышты.

Кармалган жарандар Жамбыл облусунун тургундары болушат. Алар экономикалык аткезчиликке жана улуттар аралык уюшулган кылмыштуу топту түзүүгө шектелишүүдө.  Кармалган жарандар Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына камалышты. Мыйзамга ылайык жогорудагы факты боюнча топтолгон материалдар кийинки чечимдерди кабыл алуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү.

https://www.youtube.com/watch?v=Z5t6elHPuko&feature=youtu.be

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: