Menu

“А” десе эле “акыйкат”, “принцип” тууралуу кеп салган Шыкмаматов периштедей тазабы?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов эки жума мурун парламенттен КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловду жемеледи. «Өмүркулов учурунда Алмазбек Атамбаевди колдоп жүрүп, эми ага каршы чыкканы туура эмес» деп күпүлдөп, элдин астында упай жасаганга далаланттанды Насырканович. Өз учурунда Иса Шейшенкулович дагы татыктуу жообун берди, «Атамбаевди мен эле эмес учурунда шефиң Текебаев экөөң да «президент кылабыз» деп чуркабадыңар беле!» деп. Чын да! Алмамбет Шыкмаматов башкага асылса дагы өзүнүн байкесине (Иса Өмүркуловдун түбү Жумгалдын Кызартынан. Саяктын жараш уруусунан) асылып, телпеңдебей эле койсо болмок.

Айтмакчы, Алмакебиз сүйлөгөнгө чейин «лентаны» бир аз артка түрдүрүп койсо минтип бакылдабас эле. Ал өзү Атамбаевге чуркаганын унутуп калган өңдүү.

Дегенибиз, кезинде Алмазбек Атамбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн футболканы кийип алып, «президент кылам» деп чуркап жүрбөдү беле? Жумгал району боюнча Атамбаевдин координатору дагы болбоду беле? Анан эми эле асмандан түшө калгансып сүйлөгөнү таңкалтырат да. Кудум периштелердин айылынан түз эле Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенсип. Ии баса, 2010-жылга чейин жөнөкөй, анан калса карапайым турмушта жашаган Алмамбет Шыкмаматов бүгүн байлыкка кантип жеткенин иликтеп-жиликтеп айтып бере алабы? 2010-2019-жылдар аралыгында алдыңкы байлардын катарына кошулган каарманыбыз мамлекеттик кызматтын айлыгы менен кантип чириген байга айланды?

Ошондой эле Алмамбет Насырканович өзүн бир сүйлөгөн, сөзүнө турган саясатчы катары көргөзгүсү келет. Бирок, анын эки сүйлөгөн учурлары жок эмес. Буга мисал кылып өткөн айларда болгон «КТ-Мобайл» чырынын айланасындагы эки башка отурумунда эки башка сүйлөгөн сөзүн айтсак болот. «КТ-Мобайл» компаниясын «иштей албайт» деп кайкакшап аткан Шыкмаматов кийинки отурумда «колдошубуз керек» деп маймыл болгонуна өзүбүз күбө болдук го. Анан ушулар «этикет», «элита», «принцип» тууралуу сүйлөп күйгүзүшөт да…

Бекбол Айдаров

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 71 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: