Menu

Видео – Атамбаев: Жээнбековдун бийлигин тааныбайм

Бөлүшүү:

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев парламенттин аны экс-президент макамынан ажыраткан чечимине карата комментарий берди.

Кылмыш иши козголуп калса тергөөгө барбай турганын журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

“Менин адвокатым бар. Эгер прокуратуранын кандайдыр бир суроосу болсо, кат түрүндө берсе жооп беребиз. Бул бийлик турганда эч кандай укуктук чечим кабыл алынбайт. Мага коюлган күнөөнүн баары калп. Тергөө кандай жүрүп жатканын көрүп жатабыз да. Мусакеев менен Матраимовду салыштырып көргүлө, кандай айырма бар экенин!”

Атамбаев бир жыл мурда укуктук жолдон тайыганын билдирип, азыркы бийлик “өзүнүн адамдарын гана коргоп, жакпагандарды камап жатат”, – деп айтты. Өлкөдөн кетпей турганын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигин тааныбасын айтты.

“Мен мурда эле тааныбайм деп айткам. Себеби анын легитимдүүлүгүндө чоң маселе бар. Адам деген адашат. Менин тегерегимдеги эң жакын досторум Сооронбай Жээнбеков, Иса Өмүркулов болчу. Бирок мен адамдын ичин көрө албайт экем да”, – деди Атамбаев.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: