Menu

СДПКны элге каршы иш чара көргөндүгү үчүн таркатып жибериш керек

Бөлүшүү:

Марксизмди окуу программадан чыгарып, кийинки муундар маңкурт боло баштады. Далил А. Атамбаев түзгөн КСДПда башынан эле социал-демократия кыймылынын заты тургай жыты жок болчу. Ушунча болуп, А. Атамбаевдин өзүнөн социалисттик идеологияны негиздеген жана аны терең иштеп чыккан, Батыш Европадагы социал-демократия кыймылынын башатында турган К.Маркс, Ф.Энгельстин фамилиясын укканым жок…

Марксизмге таянган карапайым жумушчу таптын партиясы. Ыңкылап жолу менен бийликти карапайым жумушчу тапка алып берет. Ошол жумушчу тап мамлекетте социализм курат.

Бүгүнкү күнгө Марксизм жолунан чыккан батыш Европадагы социал-демократия партиялардын карапайым жумушчу тапка таасири бар. Ошондой эле алардын турмуш шартын жеңилдеткенге аракети көп. Алардын аракети менен батыш-Европада күчтүү профсоюз кыймыл түзүлгөн. А. Атамбаев түзгөн КСПД токтоп турган ишканаларды жандандырып күчтүү профсоюз кыймылын түзө алдыбы? Жок!

Жөн эле социал-демократиянын атын пайдаланып А. Атамбаевдин тегерегинде бир ууч адамдардын кызыкчылыгын көздөгөн партия болуп калган. СДПК жогорку Кеңешти бийлеп, коррупцияга жолду кенен ачты.

Бул так. Эмне кылыш керек?

СДПКны элге каршы иш чара көргөндүгү үчүн Президенттин жарлыгы менен таркатып жибериш керек. 1991-жылы Горбачев КПССти таркатып жибербедиби.

Ошондой эле Ө. Текебаев түзгөн «Ата-Мекен» социалисттик партиясы дагы-социализм идеологиясынын атын пайдаланып жүрөт. Батыш Европадагы Марксизм жолунан чыккан социалисттик партиялардын карапайым жумушчулардын турмуш шартын жеңилдеткенге салымы зор.

Алардын аракети менен Батыш Европада өтө күчтүү, таасирдүү профсоюздар бар. Алар менен байлар эсептешкенге мажбур болуп турат. Ушунча жылдан бери. «Ата-Мекен» ишканаларды жандандырып, профсоюз кыймылын күчөтө алдыбы? Жок.

Элге бийлик талашкандан башканы билбеген партиянын кереги барбы? Жок.

Бул партияны деле президенттин жарлыгы менен таркатып жиберсе болот. Эми бир аз тарыхка кайрылалы. Маркс менен Энгельстин көзү барда батыш Европадагы социал-демократиялык партиялар марксизмдин жолунда болгон. Ошолордун жетеги алдында 1–2-Интернационал түзүлгөн. Экөөнүн көзү өткөндөн кийин социал-демократиялык партиялардын жетекчилери марксизмди бурмалап байларга сатылып кетишкен. 1896–1898-жылдары немец социал-демократ Э. Бернштейн «передпосылки социализма и задачи социал-демократий» деген марксизмди бурмалаган китебин чыгарат.

Ленин “Протест российских социал- демократов” деген эмгеги менен Бернштейнге сокку урат. Ошону менен бирге Бернштейнди колдогон Кускова менен Булгаковду орус социал-демократия кыймылынан четтетет. Кийин Кускова Советтер Союзунун душманына айланат. Булгаков болсо ак эмигранттардын попу болуп алат. Ошентип Ленин орус социал-демократияны марксизм жолуна салып, коммунисттик партия түзүп 1917-жылы карапайым жумушчу тапты бийликке алып келет. 1918-жылы Каутский “о диктатуре пролетариата” деген китебин жарыкка чыгарат. Бул китебинде Каутский Маркисзмди бурмалап, социалисттик революциянын кереги жок деп карапайым элдин бийлигин сынга алат. Ленин Каутскийге жооп катары “пролетарская революция и ренегат Каутский” деген эмгеги менен Каутскийдин чыккынчылыгын марксизмди терең билбегенин ачык айкын көрсөтөт. Ошентип Батыш Европадагы социал-демократия Марксизмдин жолунан чыгып, карапайым элдин биримдигинен чегинип ар кимиси өзүнүн элинин кызыкчылыгын көздөп 2-интернационал тарап кетет. Өткөн кылымдын жыйырманчы жылдарында, Гитлер Германияда «национал социалисттик» партия түзүп, мен социализмди немецтер үчүн курамын деди. Немецтерден кийин акылдуу эл еврейлер, мен аларды жок кыламын деди. Ошентип Гитлер адамзатты экинчи дүйнөлүк согушка алып барды.

Биздеги идеологиянын ахвалы мындай: бир коктуда бир партия, мечиттин саны Сауд Аравияны басып өттү. Мечиттин жана партиянын саны менен Кыргызстанды Гиннес китебине жазып койсо болот. Кыргыз элинин менталитети социализм, ошондуктан Батыш Европага шылдың болбой социалисттик партия түзөлү. Коммунисттик партия эч аракети жок И. Масалиевдин чөнтөк партиясы болуп калбадыбы.

Кытай-коммунисттик партия жетектеген, Сталиндин жолу менен баратат. Кытайда чарбада жетишкендиги зор. Бир-эки жылда чарбасы өнүккөн жагынан дүйнөдө биринчи орунга чыгат. Америка менен Япония артта калат.

А. Атамбаев 6 жыл Кыргызстанды менчик фирмасына айландырып колунан келишинче байыды. Байкуш НПОшниктерди да жылаңачтады. Бүгүнкү күнгө А. Атамбаев эң бай адам. А. Атамбаев баш мыйзамды тебелеп, бийликти толугу менен колуна алды. Ошонун кесепетинен кеңири тараган маалымат бюджетке 5-7,5 миллиард доллар түшпөй калды. Накта келтирилген зыянынын көлөмүн бир гана далилдей алат. Ошондуктан А. Атамбаевди тергөөгө алып барыш керек. Бул надзорный органдын иши. Кечиктирген болбойт. Бийликте болбогону менен анын колунда дагы бир таасирдүү күч турат-байлык, сайттар, Жогорку Кеңештеги окуялар буга далил болуп турбайбы? А. Атамбаевдин иши бышты, органдар чечкиндүү болуш керек. А. Атамбаевдин чимкирик дегенине депутаттар өтө терикпесин. Кумтөр ушул күнгө чейин чечилбейт. А. Акаевдин үй-бүлөсүн ДУМАга кайрылып эчак алдырыш керек эле. С. Жээнбеков тараптан А. Атамбаев менен тирешүү жок. Тирешүүнү ойлоп тапкан, А. Атамбаевдин жакын чөйрөсү. С. Жээнбеков өз милдетин так аткарганга аракеттенип Баш мыйзамдын негизинде Кыргызстанды мыйзамдуу мамлекет кылганга күчүн жумшап жатат. Ким коррупцияга аралашып мыйзамдарды тебелесе олтургузуп жатат. Жакында президенттин Германияга болгон иш сапарында, немистер Сооронбайды жылуу кабыл алышты. Эмне үчүн? Германия, социал-демократиянын мекени-биздин президенттин иш аракетин алар социалисттик деп баалап турушат.

Нурудин Исламов, КПССтин 1970-ж. бери мүчөсү.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: