Menu

Мурда эле мультимиллионер болчумун деген Атамбаев кандай үйдө жашаган?

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмазбек Атамбаев президент болгондон 2-3 жылдан кийин эле өзүн эң бай адамдардын катарына кошуп, мактана баштады. Акаев “Волга” минип жүргөндө “Мерседесте” чалкалап, жыргап жашаганын айтып элдин көзүн далай ирет күйгүздү. Бирок АША 2-3 жыл президенттик кызматтын “даамын” татып калгандан кийин гана ушул сөздү оозана баштаганын баса белгилеп кетели.

Атамбаев чын эле 2010-жылга чейин өзү айткандай мультимиллионер болгонбу? Бул суроого жооп табуу көп деле кыйынчылыкты талап кылбайт. АША 2010-жылга чейин катардагы эле үйдө жашап, эски, орустардан калган эмеректерди колдонуп жүргөнүн 2010-жылдын 6-апрелинде өз үйүнөн тартылган тасмадан байкоого болот. Анда УКМК кызматкерлери АШАны кармап кетүүгө келгенде Раясы (Атамбаева) баш болуп жалдырап, тар бөлмөдө күч кызматкерлери менен алышканын кантип танат? Эгер Атамбаев мультимиллионер болгондо ошондо эле Кой-Ташка хансарай салбайт беле?

АША президент болгондон кийин эле кескин байып кеткенин жакындан билгендер айтып жүрөт. Өлкөнү башкарып турганда кирешеси эселеп артып, далай коррупциялык иштердин башында турганы ачыкка чыга баштады. Сүрөттөрдөн деле Атамбаев бийликке келгенге чейин катардагы адам экенин байкоого болот. Андыктан арам жолдор менен мультимиллионер болгон АШАны кустуруу керек.

Булак: «Кабар инфо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: