Бир кездеги КСДПчы депутат, 2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Ички иштер министринин орун басары кызматын аркалаган Кубанычбек Кадыров Алмаз Атамбаевди бир бүтүн кыргыз элин түштүк-түштүккө бөлбөөгө чакырды.
“Бүгүн Атамбаев уялбай элди түндүк-түштүккө бөлүп жатат. Атамбаев баштады муну. Кыргыз эли куш болсо, анын сол канаты түндүк, оң канаты түштүк болот. Бир канаты жок куш уча албайт. Эми жаңыдан мамлекет катары жакшы жолго түшүп баратсак, ушундай жаман иштерди жасап жатат. Муну азыр ачык айтпасак качан айтабыз”, – деди Кубанычбек Кадыров.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ