Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан — Манас атабыз, ата-бабаларыбыз кураган биримдиктүү журттун, бирине-бири тирек болуп келген элдин мураскери

Бөлүшүү:

«Кыргызстан — Манас атабыз, ата-бабаларыбыз кураган биримдиктүү журттун, бирине-бири тирек болуп келген элдин мураскери. Кыргызстандын аймагын байыртан эле көп  этностор, улуттар байырлап, тынчтыкта жана ынтымакта жанаша жашап келген», — деп баса белгиледи  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 30-июнда, Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндө   Кожомкул Каба уулунун 130 жылдык мааракесине арналган иш-чарада.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Кожомкул атабыздай асыл адамдарыбыздан таалим алып, алардын калтырган насаатын, үлгүсүн дайыма барктап, кадырлап, аздектеп жүрүшүбүз зарыл! Элибиздин жаштары, эр жүрөк уулдары улуу инсандын баскан жолунан, жан дүйнөсүнүн тазалыгынан, айкөлдүгүнөн, мекенчилдигинен  сабак алышы керек.

«Биз — элдин биримдиги, коомдун ынтымагы бекем мезгилдерде дүркүрөп өнүккөн өлкө, күчтүү мамлекет болдук. Биримдигибиз бекем болгондо Улуу кыргыз каганаты болуп дүйнөнү дүңгүрөткөнбүз. Ынтымагыбыз чыӊ болгондо Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари, Чынгыз Айтматов сындуу кеменгерлерди, Кожомкул сындуу өзгөчө инсандарды дүйнөгө бердик», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал кошумчалагандай, достугубуз бышык болгондо  илим-билимдин, маданияттын очогу болгон байыркы Ош,  атагы алыска кеткен Баласагын, айтылуу Суяб сындуу улуу шаарларды курганбыз. Элден ынтымак кетсе, коомдон ырыскы качып, адамдар азып–тозуп, мекенибиз алсыраган күндөр да өткөн. Ынтымагыбыздан, биримдигибизден өткөн байлык, өлкөбүздөн өткөн дөөлөт жок экенин эзелтен бери уланган тарыхыбыз өзү тастыктап турат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: