Menu

Фото – Норвегиянын Элчиси жумушчу сапар менен Кыргызстанда

Бөлүшүү:

2019-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстанда жумушчу сапары менен жүргөн, Резиденциясы Осло шаарында жайгашкан Норвегия Королдугунун Кыргызстандагы Элчиси Оле Йохан Бёрной мырзаны кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Министр Ч.Айдарбековдун ушул жылдын январь айында Норвегияга болгон расмий сапарынын жыйынтыктарын, ошондой эле эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө сапаттуу кадам катары каралып жаткан биргелешкен иш-чараларды ушул жылы өткөрүүнү талкуулашты.

Министр радиациялык коопсуздукту бекемдөө боюнча тажрыйба алмашуу максатында консультацияларды өткөрүү сунушун эске салды. Борбордук Азиядагы уран калдык сактагычтарынын көйгөйүн чечүүгө катышып жатканы үчүн Норвегия Өкмөтүнө ыраазычылык билдирилди.

Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визаны жокко чыгаруу жана Реадмиссия боюнча Макулдашуулардын долбоорлорун макулдашуу маселелери финалдык баскычка чыккандыгын тараптар канааттануу менен белгилешти.

Элчи О.Й.Бёрной эки өлкөнүн кызматташтыгынын деңгээлин жогору баалап, норвегия тарабы мындан ары дагы тыгыз өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: