Menu

ИИМ: Алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн адамдын кайда жүргөндүгү аныкталды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн катышуусу менен ири
алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн адамдын кайда жүргөндүгү аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөдөн жана соттон жашырынган кылмышкерлерди издөө жана кармоо укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттардын бири болуп, ал өзгөчө мааниге ээ болууда. Кылмышкерлердин жаза албай калышы адилеттүүлүктү орнотууга жардам бербейт, ал ички иштер органдарына болгон коомдук ишенимге терс таасир берет. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартылып калбаш үчүн алгачкы текшерүү, тергөө, сот органдарынан жашырынып жүргөн адамдарды, дайынсыз жоголгондорду издөө боюнча иштер жүргүзүлүп келет.

Жакында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Россиянын ИИМдин Москва шаарындагы бөлүмүнүн аймактык укук коргоо органдары жана Бишкек ШИИББдин КМК менен биргеликте Москва шаарында көрүлгөн чаралардын натыйжасында, өз өлкөсүндө жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жаранын (аял киши) аныкташты. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, 1976-жылы туулган Д.А. аттуу жаран (аял киши) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн (ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) кылмышты жасоого айыпталып тергөө органдарынан жашырынып жүргөн. Жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2012-жылдан 2014-жылга чейинки аралыкта жасалган кылмыштар үчүн издөөгө  алынган. Жакшы кирешелүү туруктуу бизнес ачабыз деп алдоо жолу менен жарандардын ишенимине кирип, жабырлануучулардан акча каражатын жана транспорттук каражаттарын алган соң изин жашырып жүргөн. Шектүүнүн бир гана жабырлануучуга келтирген чыгымы өзгөчө ири суммадагы 5 150 000 сомду түзгөн. Материалдык чыгым бүгүнкү күнү кайтарылып берилген эмес. Издөө алган тарапка маалымдама жөнөтүлүп, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн издөөгө алынган жаранды өз өлкөсүнө кайтаруу боюнча маселелер чечилүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: